Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө арналган иш-чара өттү

Коом , Күн чабыт | 3 Фев 2021 | 21133 | 0

1-февраль — Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү. Бул дата дүйнөнүн көп өлкөсүндө белгиленүүдө. Ал 2013-жылы диний ишениминен улам жаштайынан басмырлоого туш болгон америкалык активист айым Назма Хан тарабынан негизделген. Активист өзүнүн көз карашын интернет аркылуу элге ачык жайылтып, мусулман аялзатын басынтууга, кордоого каршы күрөшүп келет.

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү акыркы 6 жылдан бери Кыргызстанда да жогорку деңгээлде белгиленет. Бул иш-чараны биздин өлкөдө да өткөрүү демилгесин «Умма» Ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова көтөрүп чыккан. Андан бери жыл сайын бул датанын урматына айымдар арасында ар кандай иш-чаралар уюштурулуп турат. Анын алкагында жоолукту шарияттын талабы боюнча, Жараткан алдындагы милдет катары кабыл алып салынган аялзаты менен жөн гана улуттук баалуулук же кооздук үчүн салынган аялзатынын ортосунда көпүрө түзүп, өз ара диалог куруусуна шарт түзүү менен бирге, жоолуктун баалуулугун да даңазалап келет. Мындай иш-чаралардын арты менен «Умма» Ислам журналы дүйнөлүк жоолук күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси макамына ээ болгон. Элиана-Марьям Сатарова жоолук айымдардын ажары экенин белгилейт.

«Тарыхка карасак, мурда аялзаты элечек кийип жүрчү, жоолук салынчу. Ойлоп көрсөк, жоолук аялзатын бириктирет экен. Башка улуттардын тарыхында да аялзаты баш кийимсиз жүрчү эмес. Аялзатынын жашоосунда жоолуктун орду өтө чоң. Бул — биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз, динибиз менен тыгыз байланышта».

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында эл аралык жоолук күнүнө арналган жумалык өтүүдө. Бул күндүн урматына уюштурулган иш-чара жөн гана жолугушуу форматында өтпөстөн, майрамдык маанай менен коштолду. Анда жоолукту ар кандай стилде салынуунун жолдору көрсөтүлдү.

«Негизи, иш-чаранын максаты: «Биз жоолукту эмне үчүн салынабыз? Жоолук деген эмне?» — деген маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ар айымдын өзүнүн жеке тандоосу бар. Бири-бирибизди дискриминация кылбашыбыз керек. Толеранттуу болушубуз керек», — дейт Элиана-Марьям Сатарова.

Жыйында ар башка динди тутунган, ар кандай идеологияны карманган айымдар да бир ооздон мусулман аялзатына, дегеле жоолук салынган аялзатына карата айтылып келген терс пикирлерди жоюу керектигин айтышты. Бишкекте өткөн иш-чарага ушул күндүн демилгелөөчүсү Назма Хан да онлайн катышып, уюштуруу иштерине жогорку баасын берди.

«Жоолукчан айымдарга кысым көрсөтүлбөй, ишке көйгөйсүз алынуусун каалайм. Жоолук окууга да, ишке да эч тоскоолдук жаратпашы керек. Мындай иш-чаралар канчалаган өлкөлөрдө өткөрүлсө да, Кырыгызстанда өзгөчө уюштурулат. Мен дайыма ушундай саамалыкты чыдамсыздык менен күтөм». 

Бүгүнкү иш-чаранын дагы бир коногу Марьям Мамажакыпованын жоолук салынып, хижаб кийгенине бир нече жыл болду. Ал буга чейин жоолуктун айынан ар кандай сындарга да кабылган.

«Жоолук салынуу аялзаты үчүн өтө чоң  курмандык деп айта алам. Бүгүнкү күндө социалдык жактан, негизи эле жашоодо жоолук салынууга көз караштар ар башка болот. Жоолук күнү белгиленгенден баштап, бул нерсе өзгөрдү. Демек, жоолукчан аялдар деле коомдо ийгиликтүү иштерди жасай алат».

Бүгүнкү күндө  Жоолук же хижаб күнү көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө, Ислам коомдук уюмдарында, ошондой эле мусулман үй-бүлөлөрдө белгиленип келет.

Дүйнө жүзүндө расмий эмес майрамдалган эл аралык жоолук күнү — Филиппинде улуттук майрам катары кабыл алынды. Демилгени өлкө парламентинин Өкүлдөр палатасы бир добуштан колдоп берди. Мындан ары 1-февраль — Жоолук күнү аталган мамлекетте жыл сайын улуттук майрам катары белгиленип турат. Бул күнү өлкө боюнча мусулмандардын жоолугуна арналган иш-чаралар өткөрүлүп, ага диний көз карашына карабастан, ар бир адам катыша аларын маалымдайт Филиппин бийлиги.

Даярдаган: Жазгүл Садырова 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM