Connect with us

Кызгылт жумуртка жакшыбы же ак жумурткабы?

Блог , Ден соолук | 3 Фев 2021 | 5467 | 0

Жумуртканын өңү көпчүлүктү түйшөлтүп келет. Мисалы, сиз да дүкөндө сырткы кабыгы ак же кызгылт-күрөң болгон жумурткалардын кайсынысын тандоону ойлонот чыгарсыз? Жумуртканын өңүнө эмне таасир берет жана анын кайсынысы пайдалуу? Бул суроого Кытайдын «Соху» басылмасы түшүндүрмө берет.

Баарыбызга белгилүү болгондой, жумуртканын сырткы кабыгы ак, кызгылт-күрөң же агыш-жашымтыл болот. Эмне үчүн жумуртканын өңү мындай болорун жана анын пайдалуулугун талдап көрөлү:

Жумуртканын сырткы кабыгынын негизин кальций карбонаты түзөт. Ал эми жумуртканын өңү тооктун породасына, тооктун жашына жана аларды багуу шартына, тоок багылган аймакка көз каранды болот. Тактап айтканда, ак жумуртка берүүчү тоокту кандай азыктандырса да, ал ак түстүү эле жумуртка берет.

Дагы бир жагдай, жумуртканын өңү тооктун генетикалык өзгөчөлүгүнөн көз каранды. Ал эми жумуртканын аш болумдуулугу жана сапатына өнү эч кандай таасир этпейт.

Албетте, жумурткалардын аш болумдуулугу да тооктордун породасынан көз каранды. Ошол эле убакта бир эле тооктун жумурткалары да сапаты жагынан өзгөрүшү мүмкүн. Бирок мындай айырмачылыктар өтө эле аз кездешет. Жыйынтыктап айтканда, жумуртканын сырткы кабыгынын өңү анын ичиндеги сапатына эч кандай таасир бербейт.

Мындан улам жумуртка сатып алууда анын сырткы кабыгынын өңүнө маани беришиңизге кажет жок деп айткыбыз келет.

Ал эми азыктандыруучу баалуулуктары жагынан алып караганда, жумуртканын негизги компоненттерин белок, май, витаминдер жана холестерин түзөт. Бул жерде жумуртканын өңү ички азыктын сапатына таасир бербейт.

Ошол эле учурда жумуртканын ичиндеги сарысы канчалык жакшы болсо, сапаты да жогору деген түшүнүк бар. Бирок бул таптакыр туура эмес.

Анда эмне үчүн айрым жумурткалардын ичи «ток сары», айрымдары «күңүрт сары»? Бул тооктордун азыктануучу рационунан көз каранды. Жумуртканын сарысы курамындагы каротиноидден, анын ичинен лютеиндин көп же аздыгынан улам болот. Маселен, тооктун жеминин курамында лютеин канчалык көп болсо, жумуртканын ичи да ошончолук «ток сары» болот. Бирок ушундай эффекти камсыздоо үчүн пигмент да кошулушу мүмкүн. Мындан улам, жумуртканын сырткы өңү боюнча кабатырланбай койсоңуз деле болот. Андан көрө аны кантип туура бышырууга маани бериңиз. Себеби жумуртканын аш болумдуулугу аны туура бышырганда гана сакталып калат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM