Биз менен байланышыңыз

Каныбек Иманалиев бюджетти толтуруунун беш ыкмасын айтты

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 1713 | 0

Кыргызстанда былтыркы жылдын көрсөткүчү менен накталай түрдө 90 млрд сом бар. Бул тууралуу парламенттин 3-февралдагы жыйынында өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов депутат Каныбек Иманалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат Иманалиевдин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү өспөй жатат. Өлкө дүйнөдөгү ички дүң продукциясы эң төмөн 30 мамлекеттин катарында. Дүйнөдө ИДПнын орточо көлөмү 11 миң доллар болсо, Кыргызстан андан 10 эсе артта калган.

Каныбек Иманалиев бюджетке кошумча киреше алып келүү боюнча өкмөт башчыга 5 сунуш берди:

«Биринчиси, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун жетекчиси Антонио Гуттериш пандемиядан улам кризисти эске алып, «кедей өлкөлөрдүн карызын кечкиле» деп айткан. Сиз азыр 50 оорукананы киргизип, донорлор менен иштешсеңиз, Кыргызстандын карызынын 50 млн долларын азайта аласыз.

Экинчиси, пандемия шартында ички эрежелер өзгөрдү. Орусия менен Өзбекстан алтынды экспорттоого пошлина киргизди. Биз быйыл 25 тонна алтын алганы жатабыз, 10 пайыз пошлина киргизели, 150 млн доллар бюджетке түшөт.

Үчүнчүсү, өкмөттү оптимизациялоодон 74 млн сом үнөмдөлөт деп жатасыз. Биз «Электрондук коммерция жөнүндө» мыйзам жазганбыз, ошол кабыл алынса, бюджетке кошумча 2 млрд сом түшөт.

Төртүнчүсү, салык төлөөнүн электрондук форматына өтөлү, андан казынага 7-10 млрд сом кошумча түшөт.

Бешинчиси жана эң негизгиси, Кыргызстанда 21 миң мамлекеттик имарат бар, алардан бюджетке 0,3 пайыз гана түшөт, жок дегенде бир пайыз да чогулта албайт экенбиз. Мунун баарын массалык түрдө териштирип чыкмайынча, эч реформа кыла албайсыз».

3-февралда Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын, программасын, түзүмүн талкуулап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM