Биз менен байланышыңыз

Мьянма армиясы 400дөй адамды бошотту

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 371 | 0

Мьянма аскерлери төңкөрүш учурунда кармалган 400дөй адамды бошотту. Алардын арасында башкаруу партиясынын депутаттары да бар. Бул тууралуу «Kyodo» агенттиги маалымдады.

Бошотулгандарга өз үйлөрүнө таркоо буйругу берилген. Ошол эле учурда аталган партиянын жетекчилиги, анын катарында партия лидери Аун Сан Су Чжи үй камагында кармалып келет.

Бул арада Япониянын Токио шаарында жүздөгөн адам Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө каршы нааразычылык акциясына чыкканы айтылууда.

Эске салсак, 1-февралга караган түнү Мьянма армиясы бийликти басып алып, мамлекет башчылары кармалган соң, өлкөдө 1 жылга өзгөчө абал режимин жарыялаган.

Мьянма армиясы бийликти басып алып, бир жылга өзгөчө абал режимин жарыялады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM