Бүгүн, 1-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 665 млн куб метрди түзүүдө.
Бул тууралуу «Электр станциялар» ишканасынын маалыматтарында айтылат.
Суунун агып келүүсү секундасына 143 куб метрди түзөт, агып чыгуусу 796 куб метр.
Былтыркы жылдын ушул мезгилинде суу сактагычта 13,5 млрд куб метр суу бар болчу.