Биз менен байланышыңыз

Өрт коопсуздугун сактоо маселеси боюнча кеңешме өттү

Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 462 | 0

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов өрт коопсуздугун сактоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Аталган кеңешме өлкө аймагындагы өрт чыгуу окуяларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу демилгеленген.

Мамытканов Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тараптан өрт коопсуздугун сактоо чаралары боюнча калкты маалымдоо жаатындагы жүргүзүлүп жаткан ишин сынга алды.

Анын айтымында, турак-жайларды курууда 65% ашуун учурда өрт коопсуздугу чаралары сакталбай жатат.

-Калк арасында турак-жайга каралган имаратта биринчи кезекте коопсуздук маселеси тыкыр каралышы керек экендиги тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү керек. Иш коплекстүү жүрүшү тийиш, «текшерүүчү» органдын образынан чыгып, республиканын ар бир жаранына пайда келтирүүчү органга айланууга мезгил жетти, — деди Максат Мамытканов.

Ал нускамаларды эч ким окубай турганын, аларды электрондук вариантка өткөрүп, элге жайылтуу керектигин сунуштады.

-Адамдар коопсуз үйдү кантип курууну, өрт чыккан кезде өрт кызматы келгенге дейре кандай аракет кылууну билиши керек. Бул видеонускама катары ар бир жаранга жеткиликтүү болушу тийиш, — дейт Мамытканов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө район жана облустар чегиндеги өрт коопсуздугу чараларын сактоо боюнча алдын алуу чаралары жүргүзүлгөн субьекттердин саны тууралуу маалымат берүүсү тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM