Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жумуртканы кымбаттаткан үч себеп

Коом , Экономика | 28 Янв 2021 | 2382 | 1

Соода түйүндөрдө, базарларда айрым азыктардын баалары күн санап өсүп жатканы байкалууда. Мисалы, 10 даана жумуртка акыркы бир ай ичинде 80 сомдон 120 сомго көтөрүлдү. Айрым маалыматтарга караганда, баанын көтөрүлүшүнө жумуртка өндүрүүчүлөр себеп болууда. Тактап айтканда, ишканалар ич ара сүйлөшүп алып, борбордогу ири соода дүкөндөрүнө аталган азыкты атайын ташыбай жатышканын айтышат. Бирок жумурка өндүрүүчүлөр бул карандай калп дешип, азыктын наркынын көтөрүлүп кетишине сомдун кунунун түшүшү, жем-чөптүн кымбатташы себеп болгонун жүйө келтиришти. Атүгүл, жакын арада дагы 20 сомго кымбатташы мүмкүн экенин эскертип өтүштү.

«Бүгүнкү күнү жумуртканын баасы 30-40 пайызга өскөн болсо, жемдин баасы 100 пайызга өстү. Ошонун негизинде ата мекендик өндүрүшчүлөргө кыйын эле болду. Эмнеге дегенде мекенибизде айдоо жерлер азыраак, ошондуктан бизди жем камсыз кыла албай жатышат. Мунун айынан чет жактан алып келүүгө мажбур болуп жатабыз», — дешти өндүрүүчүлөр.

Өлкөдө жумуртка өндүргөн жети ири фабрика жана 200дөн ашуун чакан ишкана бар. Алар өлкөнү жумуртка менен 45% гана камсыз кыла алат, калганы тыштан ташылып келет. Дал ушул жерде кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилешет ишкерлер.

Борбор калаадагы тургундардын азык-түлүккө болгон нааразычылыгы басаңдай электе, жумуртканын баасынын өсүшү шаар тургундарын ого бетер түйшөлттү. Декабрь айында эле 10 даанасы 80-90 сомдон сатылып жаткан жумуртка учурда 100-120 сомдон сатылып баштады. Мындай каатчылык өзгөчө пенсионерлерге оор тийди.

Ал эми мындай кымбатчылыктын себебин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков башка факторлордон көрөт. Анын айтымында, учурда бир катар өлкөлөрдө куш ылаңы жүрүп жатат. Бул бир көйгөй болсо, азыктарды чек арадан өткөрүү дагы бир көйгөй жаратууда.

«Негизи биздин керектөөбүз миллиарддан ашык. Анын 45 пайызын өзүбүз жабабыз, калган керектөөнү импорттойбуз. Дээрлик көбүн Казакстандан алып келебиз. Өзүңүздөргө маалым, бүгүнкү күндө ал жакта куш ылаңы жүрүп жатат. Бул да баанын өсүшүнө таасир этет. Экинчиден, жемдин баасы да көтөрүлдү. Үчүнчүдөн, сезондук фактор да таасирин тийгизет. Тактап айтканда, кыш айларында жумуртка өндүрүү бир аз басаңдайт. Дагы бир белгилеп кетчү жагдай, доллардын өсүшү, сомдун арзандашы да биздин ишкерлерге таасир берип жатат».

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2020-жылдагы отчетуна таянып айтсак, өткөн жылы өлкө боюнча 562 миллион даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 766 миң даанага көп болуп, 100,1 пайызды түзгөн.

1 пикир

1 пикир

  1. А. Б. И.

    29.01.2021 09:35

    Жумуртка кымбат анда эмне учун суттун баасы тушуп кетти,биз кыргыз эли кобу сут откоруп келебиз баасы которулбой эле койдуго,ал Эми суттон чыккан май,сыр ж.б. баары эле кымбатко,бакша чет Жака дагы сатылып эле жататко сыр, майлар мен тушунбогон нерсе чет жактан келген нерсе кымбат ошондо биздин сутон жасалган сыр майлары ыз неге арзан сатышабы? Мал кымбат чоп жем дагы кымбат, азыр кыштын ызгаар суугунда сут 19 сом ал Эми жайында кандай болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM