Биз менен байланышыңыз

Жапаров өлкөнүн энергетика тармагын катастрофалык деп баалады

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 440 | 0

Президент Садыр Жапаров ант берүү аземинде сөз сүйлөп жатып, өлкөнүн энергетика тармагын катастрофалык деп баалады.

Анын маалыматында бул тармактын карызы 137 млрд сомду түзөт.

«Мен өлкөнүн азыркы абалы жакшы деп айтуудан алысмын. Кыргызстан акыркы 30 жылда топтолгон тышкы карызын төлөшү керек. 2032-жылы биз тышкы карыздан толук кутулушубуз керек. Пандемияга байланыштуу республикалык бюджет азайды. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык деңгээлге жетти», — деди Жапаров.

Ал мындай абалдан жалпы күчтү бириктирип гана чыгуу керектигин кошумчалады.

Кыргызстан тышкы карызынын эң жогорку көлөмүн 2025-2029-жылдары төлөйт. Бул мезгилде төлөмдөрдүн өлчөмү жылына 400 млн доллардан ашуун суммага жетет.

Мындай маалыматты Финансы министринин милдетин аткаруучу Кыялбек Мукашев 26-январда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен жолугушууда айткан.

Мамлекеттин тышкы карызы 4,2 млрд доллар, 2020-жылы тышкы карызды төлөөгө 225 млн доллардын тегерегинде каражат бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM