Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров президенттик башкаруу боюнча айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 827 | 0

Кызматына расмий киришкен президент Садыр Жапаров ант берүү аземинде сөз сүйлөп жатып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан мамлекеттик башкаруу формасы тууралуу айтып өттү.

— Соңку тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчиик үчүн калың элдин алдында жооп бере алгандай бийлик системасына муктаж. Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара аларын өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген.

Жапаров, президенттик башкаруу – адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес жана саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпай турганын белгиледи.

— Тар, өзүмчүл, кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордогон жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруунун аягы эмне менен бүтөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан дагы бир жолу кайталап кетейин, президенттик башкаруу – калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү. Ошону менен бирге президенттик башкаруу – өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий, экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдөө, ошол иш-чараларга жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет.

Биздин максат – мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүк үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу.

Инаугурация аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.

Быйыл 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров президенттик кызматка ат салышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган.

Copyright © 2017 Maral FM