Биз менен байланышыңыз

Пандемия: Ажал менен арбашкан күндөр сүрөттөрдө

Блог , Коом | 28 Янв 2021 | 1734 | 0

Дүйнө жүзүнө дүрбөлөң салган пандемия. Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөн оор кырдаал. Ооруканаларга, стационарларга батпай калган бейтаптар. Миңдеген адамдын өлүмү. Ажал менен арбашкан медицина кызматкерлери. Аларга жардамга келген ыктыярчылар. Жанын соогасын тилеп, үрөйү учкан эл. 2020-жыл дегенде элдин эсине ушулар түшөрү анык. Дал ушул жагдайды кыл калемге салып, май боёктун күчү менен тарыхта калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Сүрөтчүлөр союзунун жетекчиси Таалайбек Усубалиев 10дон ашык сүрөт тартты. Ал эмгектердин арасынан «кызыл тилкеде» иштеген медицина кызматкерлерин, каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованы жана ыйлап жатканы видеого түшүп калган Айдана Софияны кошо көрүүгө болот.

«Терге чөмүлгөн бала», «Жардам бергенге жетишпей, алапайын таппай жаткан ыктыярчылар», «Ээси ооп, отурган жеринде уктап калган дарыгер». Сүрөтчү Таалайбек Усубалиев мунун баарын кыямат келе жаткандай үрөй учурган жай мезгилинде, күз айларында 5 ай «кызыл тилкени» аралап, өлүкканаларга чейин кирип, чыныгы абалды өз көзү менен көрүп жүрүп тарткан. Оор түйшүктүн, медиктер менен ыктыярчылардын эмгегинин 50%ын гана бере алганын айткан Усубалиев сүрөт тартууга түрткү болгон жагдайды төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Баарыбыз эле коронавирус пандемиясында камалып үйдө отурдук да. Алгач Кытайдагы адамдардын жыгылып жатканын көрүп: «Баарыбыз эле ушинтип кырылып өлүп кетебизби?» — деген бир коркуу сезими болду. Кийин андай абал бизге да келип, Айдана Софиянын ыйлап жаткан видеосу интернетке тарады. Өзгөчө мага ошол түрткү болду. Себеби өзү жаш болсо да, элди эшикке чыкпоого үндөп, ыйлап жатканы өтө чоң таасир калтырды».

Сүрөтчү бул эмгектердин үстүнөн иштеп жүрүп, өзү да илдетке чалдыккан. Бул полотного түшүрүлгөн эмгектин так-даана чыгышына жакшы жардам берген. Себеби укканды элестетип жараткан чыгармага караганда, өз башыңан өткөрүп, жон териң менен сезип жараткан чыгарма алда канча ишенимдүү чыгарын белгилеп, «Дарыгерлердин, ыктыярчылардын озунан уккан окуяларды элестетип тартуу оңой, бирок ошол эле учурда алардын эмгегин, кыйналганын жеткизип берүү оор», — дейт кыл калем чебери.

Таалайбек Усубалиевдин айтымында, бул сүрөттөрдүн уландысы бар. Ал учурда ыктыярчы болуп жүрүп каза болгон Адинайга арналган чоң чыгарманын үстүндө иштеп жатат.

Мындан тышкары ал сүрөттөрү аркылуу жаштарды патриот болууга, ынтымактуу болууга чакырууну каалаганын, караңгынын артынан жарык, жамандыктын артынан жакшылык сөзсүз келерине ишендиргиси келгенин кошумчалады. Ошондой эле бул эмгектердин Өкмөт үйүндө, Жогорку Кеңештин имаратында илинип туруусун каалайт.

Белгилей кетсек, сүрөтчүнүн жогоруда айтып өткөн эмгектери «Эмен» сейил багындагы сүрөт галереясында өткөн «Жаңы соцреализм» көргөзмөсүнө коюлган.

Жашоо улана берет

Copyright © 2017 Maral FM