Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен «Соболь» үлгүсүндөгү 21 тез жардам унаасы алынды. Бүгүн, 27-январда Бишкектин Эски аянтында унааларды тапшыруу аземи болду.
Бөлүштүрүү планына ылайык, Баткен облусуна 9, Чүй облусуна 6, Талас облусуна 2, Нарын облусуна 3 жана Жалал-Абад облусуна 1 тез жардам унаасы берилет.
Буга чейин «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка «Соболь» жана «Газель» үлгүсүндөгү 37 тез жардам автоунаасы, Ислам өнүктүрүү банкынын каражатына «Форд Транзит» үлгүсүндөгү 12 реанимобиль алынган.