Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты вице-спикер болду

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 973 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна депутат Нурбек Сыдыгалиев бекитилди. Ал «Ата Мекен» фракциясынан көрсөтүлгөн. Парламенттин 27-январдагы жыйынында Сыдыгалиевдин талапкерлигин 77 депутат колдоду.

Вице-спикерликке Нурбек Сыдыгалиевден башка «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Уланбек Исмаилов көрсөтүлдү. Эл өкүлдөрүнүн жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Уланбек Исмаилов 38 добуш алды.

Нурбек Сыдыгалиев Мирлан Бакировдун ордуна келди. Бакиров 2020-жылдын 23-декабрында вице-спикер кызматын тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM