Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна депутат Нурбек Сыдыгалиев бекитилди. Ал «Ата Мекен» фракциясынан көрсөтүлгөн. Парламенттин 27-январдагы жыйынында Сыдыгалиевдин талапкерлигин 77 депутат колдоду.
Вице-спикерликке Нурбек Сыдыгалиевден башка «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Уланбек Исмаилов көрсөтүлдү. Эл өкүлдөрүнүн жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Уланбек Исмаилов 38 добуш алды.
Нурбек Сыдыгалиев Мирлан Бакировдун ордуна келди. Бакиров 2020-жылдын 23-декабрында вице-спикер кызматын тапшырган.