Биз менен байланышыңыз

Жапаров 30 жыл чыдаган элди дагы алты ай күтүп турууга чакырды

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 781 | 0

Кыргызстандагы саясий процесстер май-июнь айларында токтойт. Бул тууралуу жаңы шайланган президент Садыр Жапаров Telegram каналы аркылуу жасаган кайрылуусунда айтты.

Анда Жапаров апрель айында жаңы конституция кабыл алынып, андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштай турганын билдирген.

Ал 30 жыл чыдаган элди дагы алты ай күтүп турууга чакырып, ошондон кийин гана коррупционерлер мыйзам чегинде жок кылынарына ишендирди.

«Бир күн иштей элек жатсам, «жаңы бийлик иштебей жатат» деген дооматыңар калыстыкка жатпайт. Коррупция менен күрөшөбүз деп өзүм билемдик кылганды токтоткула. Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Ал үчүн бир аз гана убакыт керек», — деди Жапаров.

Жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи 28-январь күнү өтөт. Андан соң жаңы өкмөт куралат.

«Ар кайсы аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула! Андайларды «мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла» деп айтмакмын. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек», — деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Садыр Жапаров 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Ал 28-январда кызматына расмий киришет.

Copyright © 2017 Maral FM