Биз менен байланышыңыз

Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголгону айтылууда

Кыска кабар | 22 Янв 2021 | 782 | 0

Президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «АКИpress» маалымат агенттиги күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Ишти Аскер прокуратурасы иликтөөдө.

Абдил Сегизбаев 2016-жылдан 2018-жылга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болгон. 2021-жылы 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо талапкер катары ат салышты.

Үгүт маалында талапкер Абдил Сегизбаев КТРКда өткөн теледебат учурунда дагы бир талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу кылмыш иштери бар экенин айткан. Ал дебатка келбей койгон Жапаровго кайрылып, ачык сүйлөшүүгө чакырган.

Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровго сегиз суроо узатты (видео)

Copyright © 2017 Maral FM