Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагында болот. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Чолпонбаев 2020-жылдын 15-сентябрында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып кармалган.
Маалыматка караганда, Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 17-сентябрындагы токтомуна ылайык, Чолпонбаевди камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Кийин 6-ноябрдагы токтом менен Чолпонбаевге карата мурда тандалган бөгөт коюу чарасы 2021-жылдын 15-январына чейин узартылган.
Бирок шектүүнүн жактоочусу Бишкек шаардык сотуна даттанган. Андан соң соттун токтому өзгөртүлүп, Чолпонбаев 2021-жылдын 15-январына чейин камакта калтырылган. Бул мөөнөт 15-мартка чейин узартылды.
Космосбек Чолпонбаев «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип жатат. Анын мамлекеттик бюджетке 65 млн сом зыян келтиргени айтылууда.