Биз менен байланышыңыз

«АКШ-Кыргызстан мамилесинде баары жакшы болот дегенге али эрте»

Дүйнө , Коом , Саясат | 21 Янв 2021 | 1892 | 0

Кечээ, 20-январда АКШнын 46-президенти Жо Байден ант берип, кызматына расмий киришти. Анын кызматтык мөөнөтү пандемия, дүйнөлүк кризистин учурунда башталды. Эми ал АКШнын экономикасын көтөрүүгө ири каражат жумшаарын билдирүүдө. Жаңы шайланган президент биринчи кезекте аткарылышы керек болгон бир топ ишти белгиледи:

«Алгач баарыңарды жеңишиңер менен куттуктайм. Бүгүн бүткүл америкалыктардын жана жаңылануунун күнү. Эми Американын алдында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмуна жана Париж Келишимине кайрадан кирүү өңдүү бир топ маселелер бар. Ошондой эле биз үчүн адам укуктары жана баалуулуктары баарынан өйдө турат. Бул багытта чоң иштерди жасайбыз». 

Бул ант берүү аземине мурдагы президент  Дональд Трамп катышкан жок. Анын бул аракетин дүйнөлүк коомчулук «бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө каршылык» катары баалоодо. Дональд Трамп 2017-жылы бир топ мусулман өлкөлөрүнүн, анын ичинен Кыргызстандын жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө киргизген. Демократ Жо Байден кызматка киришери менен бир катар өзгөртүүлөргө кол койду. Анын катарында жогоруда айткан АКШга кирүүгө тыюу салган буйрук жокко чыгарылды.

Мындан улам биз: «Кыргызстан-АКШ саясий-экономикалык мамилеси кандай багытта уланышы мүмкүн?» деген өңдүү бир катар суроолорду Япониянын Кобе университетинин саясат талдоо боюнча магистранты, бизнес-консультант Даниэль Кадырбековго узаттык.

— Даниел мырза, Жо Байдендин мөөнөтүндө АКШ-Кыргызстан мамилеси кандай багытта улануусу мүмкүн ?

— Мамиле жакшырат дегенге мүмкүн эмес. Азыр АКШнын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлүп жаткан Энтони Блинкен баштаган командага Кыргызстан регионалдык приоритетте эмес. Анын үстүнө Атамбаевдин убагында эки тараптуу мамиле солгундап кеткен. Америка үчүн азыр терроризм менен күрөшүү жана авторитардык режимден келип чыккан Орусия жараткан коркунучка каршы туруу маанилүү. Чыгышта Кытайдын таасири күчөп жатат. Аны колго алуу турат.

— Кыргызстандын президенттик башкарууга өтүүсү АКШ менен болгон мамилеге таасир этеби?

— Азыр өлкөбүздө бийлик коррупциялашкан, авторитардык режимге айланууда. Мамлекеттик органдар мыйзамды сактабай, жоопкерчиликсиз. АКШ тараптан биздин бийликке карата демократиялык баалуулукту сыйлоого, адам укуктарын сактоого чакырык жасашы, ар түрдүү санкция киргизиши мүмкүн. Буга өзүбүз күнөөлүбүз. Анын үстүнө маселенин баары Орусия аркылуу чечилгендиктен, бизге абдан эле кыйын болот.

— Анда АКШ менен мамилени чыңдоо үчүн биздин бийлик кандай кадамдарга баруусу керек ?

— Бардык өлкө менен мамилени жакшыртуу үчүн алгач коррупциялашкан система кулашы керек. Бийлик органдары жоопкерчиликтүү болушу зарыл. Мыйзамды сакташыбыз кажет. Кыргызстан башка өлкөлөргө өзүнүн өзгөчө демилгеси менен кызыктыруучу позициясын түзүшү шарт. Ошондо гана мамиле жакшырат.

Маектешкен: Азамат Асанбеков

Copyright © 2017 Maral FM