Биз менен байланышыңыз

Роза Айтматованын китептеринин бет ачары өттү

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 554 | 0

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында коомдук ишмер Роза Айтматованын «Ата-Бейит» жана «Атам жөнүндө» китептеринин бет ачары өттү.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы китеп кыргыз жана орус тилинде ар бири 500 нускадан чыгарылганын маалымдады.

Роза Айтматованын «Атам жөнүндө» («Мой отец как государственный деятель») эскерүү китеби 1937-жылы репрессияга кабылган мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун баскан жолуна жана өлкө үчүн жасаган ишмердигине арналган.

Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова өзүнүн эмгегинде архив документтерин, үй-бүлөлүк сүрөттөрүн пайдаланган, ошондой эле өзүнүн эсинде калгандарын жана ага-туугандарынан уккандарын жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM