Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан: Үй тиричилигине аялдар 4 саатын, эркектер 1 саатын бөлөт

Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 484 | 0

2019-жылы эркектердин жумушка орношуу деңгээли 72 пайыз, аялдардын арасында 43 пайыз болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.

20-34 жаш курактагы аялдар көбүнчө бала төрөлүшүнө байланыштуу жумуштан кетишет.

Бирок 40-54 жаш курак топтогу эркектер менен аялдардын жумушка орношуу деңгээли дээрлик бирдей экени байкалган.

Кызмат көрсөтүү секторунда аялдардын жумушка орношуусу басымдуулук кылат. Айрыкча, кыймылсыз мүлк менен операциялар, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө кызматтары, билим берүү сыяктуу түрлөрүндө аялдар иштешет.

Ал эми өндүрүштүк чөйрөдө: курулушта — 98%, тоо-кен казып алууда — 97%, жүк ташуу жана сактоодо — 96%, электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылууда — 85% эркектер иштейт.

2019-жылы эркектердин орточо эмгек акысы 18 миң 724 сом, аялдардын орточо эмгек акысы 14 миң 421 сом болгон. Эркектердин маянасы 1,3 эсе жогору.

Аялдар орто эсеп менен 4 саат 30 мүнөткө жакын убакытын үй тиричилигин жүргүзүүгө арнашат, ага күнүнө убактысынын 19 пайызга жакынын жумшашат.

Эркектер үй тиричилигине бир сааттан ашык убакыт коротот.

Аялдар балдарына жумасына эки сааттан ашык убакыт бөлөт. Эркектер үчүн бул убакыт болжол менен бир саатты түзөт.

Аялдар жетектеген үй чарбаларында жакырчылыктын деңгээли эркектер башчылык кылган үй чарбаларына караганда төмөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM