Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, «Карышкыр» каймана аты менен белгилүү Мурсалым Умырзаков кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча ИИМдин жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын алкагында кармалды.
Учурда кылмышка шектүү жаран ЖАМКнын Тергөө кызматына жеткирилген.
Маалыматтарга караганда, Мурсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал кылмыш дүйнөсүндө «Карышкыр» деген каймана ат менен белгилүү жана бир канча жолу соттолгон. 2015-жылы Орусиядан Бишкекке депортацияланган.