Биз менен байланышыңыз

«Акимдин ордуна мени барымтага алышты» (Баткен согушунун негизги фигуранттарынын бири менен маек)

Блог , Коом | 19 Янв 2021 | 9329 | 0

Баткен согушунун (1999-2000-жж.) актай барактары

Буга чейин Баткен согушунун (1999-2000-жж.) негизги фигуранттарынын бири болгон Акботоев Шералы жөнүндө ар кандай маалыматтар айтылып, бирок ал көшөгө артында гана калып келген. Тактап айтканда, ал Баткен согушу учурунда сүйлөшүүлөргө кандайча катышканы, «Өзбекстандын ислам кыймылы» уюмунун башчысы Жума Намангани аны эмне үчүн «барымтага» алганы, Ооганстандагы диний окутуулар, Жума Наманганинин жардамчысы болгону, Кыргызстанда Иран аркылуу кайтып келгенде, терроризм беренеси боюнча 25 жылга соттолушу ж.б тууралуу өзү айтып берет. Жакында аны тарых илимдеринин кандидаты, доцент, БатМУнун профессору Абдинаби Кадыров кепке тарткан.  

— Ислам жоочуларына кантип аралашып калдыңыз?

— Баткен районунун акими баш болгон райондук жетекчилердин барымтага түшүп калуусу боюнча бир канча сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаган соң, Зардалы айылында турган Кыргыз Республикасынын аскер жетекчилери Бурхан аксакал менен менин баруумду сунуш кылышты. Ошол кезде Зардалынын заставасында Коргоо, Ички иштер министрликтеринин, Коопсуздук, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, генералдары, аскерлери болгон. Мен караманча каршы болгондугума карабастан, эгер мен баш тартсам, аскердик кызматка милдеттүү катары аскердик тартипте жаза колдонорун айтып опузалашты. Менин аскер адамы болбогондугума байланыштуу керт башымдын кепилдиги тууралу ким жооптуу болорун сурадым. «Биз сиздин эмгегиңизди унутта калтырбайбыз», — дешти, бирок менин кат жүзүндө жазып бергиле деген өтүнүчүм аткарылбады. «Ушунча мамлекеттик, аскер жетекчилери чече албаган маселе биздин колубуздан келмек беле?» — дедим. «Сиз Өзбекстанда окуган экенсиз, балким аларды таанып каларсыз, башкаларды укпай жатат», — дешти.

Ошол кездеги кыргыз армиясынын Зардалыдагы жетекчилери өлкө кыйын мезгилде тургандыгына карабастан, ар бир министрликтин, ар бир ведомствонун жетекчилери бири-бирин укпастан, ар кимиси өз алдынча аракет кылышкан. Бизге бир министрликтин жетекчиси: «Сиздерге Кыргыз Республикасынын атынан тапшырма, биринчи райондун акимин бошотуу», — деп айтты. «Аскер кызматкерлеричи?» — десек, «Алар ант кабыл алган, өз тагдырларын өздөрү чечсин», — деп койду. Аскер генералдарынын бири кимдигин айтпай эле коёюн, жогорку аскер чининдегилер баары жарандык формада болчу, мени сыртка тартып, «Барымтада аскер кызматкерлери да бар, аларды да бошотууга аракет кылыңыз», — десе, коопсуздук кызматынын жетекчиси: «Сиздин кайра тез кайтышыңыздын зарылчылыгы жок, алардын саны, күчү, курал-жарагы ж.б. маалыматтарды алганча жүрө бериңиз», — деди. Ошентип, бизге ар бир министрлик өз-өзүнчө тапшырма берди.

Абдулазизге расмий кат жазып берип, Бурхан аксакал экөөбүздү сапка тизилген аскерлердин алдында расмий түрдө элдик дипломатия деп салтанат менен узатышты. Бирок, кийин мен кыйналган мезгилде эч кимиси аны моюнга албай койду. Ошол мезгилде элдик дипломатия аркылуу барымтадагыларды бошотуу демилгеси балким туура болгондур деп ойлойм.

Бурхан аксакал экөөбүз ислам жоочуларынын башчысы Абдулазиз менен Жылуу-Сууда сүйлөштүк, ал баш бармаксыз төрт манжалуу сол колу менен керектүү азык-түлүктөрдүн тизмесин кагазга жазып, эртең күн жаңыдан чыккан учурда алып келүүнү буйруп, Бурхан аксакалды кайра жөнөттү. Кудум кинодогудай болду. Мени Жылуу-Сууда алып калды. Эртеси айтылган мезгилде 10 баш кой, ат-эшектерге жүктөлгөн 10 кап ун, кант, күрүч, туз ж.б. азык-түлүктөр жеткирилип, алар талап кылган 50 миң доллар берилгенден кийин, аким баш болгон жарандар бошотулду. Алар башында 200 миң доллар талап кылган. Мен Абдулазиз менен сүйлөшүп, андай сумма жок деп 50гө макулдашкан болчубуз. Акимдер бошотулгандан кийин: «Менин миссиям бүттү, эми мага уруксатпы?» — десем, «Акимдин ордуна барымтага сиз каласыз», — деди. Ошентип, алар менен калууга мажбур болдум.

— Биз, Тагаев Акмурза менен Зардалыга баратып, Арчалуу-Булакка жеткенде, «Акчаны ушул жерде санап берип, акимдерди ушул жерден алганбыз», — деди. Мен аны архивден алынган видеодон көргөнүмдү айтсам, «Аны кимдер тартышы мүмкүн? Анда ашыкча эч ким болгон эмес» — деп чочуп кеткен.

— Алар акча ж.б. маанилүү маселелерге эч кимди катыштырбайт жана байкоочуларды да алыс кармайт, бирок мен да кээде эч ким жок, өзүм жалгыз болгон учурларды фотосүрөткө алып койгон фактыларды кийин өздөрүнүн архивинен көрүп таң калгам.

— Алардын курал-жарактары, согуштук даярдыгы кандай эле?

— Барымтадагылар кеткенден кийин үч күн бою жоокерлерин эс алдырып, андан соң, үч күн аба чабуулу катуу болорун эскертти. Айтканындай эле Жылуу-Сууну 8 самолет, 2 вертолет менен бомбалап, андан соң артиллерия менен катуу аткылашты.

Алар тоо шартына абдан ыңгайлашкан, согуштук жараянда калыптанган жана адистешкен тандалма жоокерлер болгон, заманбап мобилдик байланыштар, түндө көрүүчү аппараттар, артиллериялык, зениттик ракеталар ж.б. менен куралданган. Чалгындоо кызматы күчтүү болгонбу, каршы тараптан боло турган ар кандай аракеттерди алдын ала билип турушкан.

Ал эми кыргыз армиясынын согуштук даярдыгы жана заманбап техникалары жакшы болбогон. Экинчиден, биздин аскерлер тоо шартында салгылашууга согуштук тажрыйбасы, автоматынан башка куралы да болгон эмес. Зардалыга Россиянын аскердик «Альфа» тобу келип, мындай тоолуу шартта согуштук операцияларды жүргүзүү мүмкүн эместигин, беттешүүнү талаа, түздө жүргүзүүнү сунуштап, алар кайра тарткан. Мына ошондуктанбы, же башка жагдайларданбы, кыргыз армиясы Зардалыны калтырып, Баткенден бир ирет чыгып кеткен.

Жоонун аскер башчысы Шейх Абдул Каримдин айтуусу боюнча, кыргыз армиясы Сары-Талаадагы биринчи беттешүүдө өздөрүнүн согуштук тактикасын көрсөтүп, душманга татыктуу каршылык көрсөткөн жана аларды согуштук тажрыйбасы бар жоокерлер экен (балким Ооган согушунун катышуучулары — авт.) деп баалаган. Каршылаштарды ордунан козголто албагандан кийин душмандар артиллериялык куралды пайдаланган жана таң атканда чегинүүгө аргасыз болушкан.

Жоочулар ар бир согуштук операцияга бир адамды жетекчи кылып, ага керектелүүчү аскер, курал-жарак ж.б. эсебин алып, картасына чейин түзүп, жеңүү жана жеңилүү учурлары да алдын ала пландаштырылган. Алардын дагы бир өзгөчөлүгү, согуштук операциялар, жүрүштөр жалаң түндөсү болгон. Анткени алар ушуга абдан маш болушкан. Бир жетекчини согушка кайра жөнөткөн эмес жана согуштук операциядагы ийгиликтери, аракеттери, кемчиликтери ж.б. жагдайлары эсепке алынып турган. Мисалы, Сары-Талаада Шейх Абдул Карим, Газда Молдо Абдулла, Сырт салгылашуусунда Абдулазиз жетекчи болгон. Кокус жеңилип баратса, кимдер, кайсыл тараптан жардамга барары такталып, беттешүүнүн жүрүшү тууралу штабга маалымат берилип турган.

— Сырт салгылашуусунда Абдулазиздин өлүмү тууралуу ар кандай жоромолдор айтылып жүрөт?

— Сырттагы салгылашуу учурунда мен Кожо-Ашкандагы штабда болчумун. Абдулазиздин салгылашууда окко учкандыгы чын. Ал штаб менен рация аркылуу байланышып турду жана ага ок тийип жарадар болгондугу маалымдалды. Штабда «Эмне кылуу керек?» — деген маселе көтөрүлдү. Артиллерия менен талкалоо планы да коюлган, бирок, атышуу түнкү саат 2де башталган, азыр аскерлер аралаш салгылашып жаткандыктан, өзүбүздүкүлөр да набыт болот дешкен. Кошумча күч жөнөтүүгө Абдулазиз макул болгон жок, «Айланабыз баары курчоо, эгер силер келсеңер жоготуу көп болот, андан көрө бир адамды калтырып, аскерлер чыгып кете беришсин», — деген. Жараты анча деле оор болбогон, ок колуна тийип, кан көп кеткендиктен алсырап калган. Согушта болгон адам октун алыстан же жакындан, арттан же алдынан тийгендигин, же жан чыккандан кийин атылгандыгын даана билет. Анын көкүрөк тушуна тийген тапанчанын огу жаны чыккандан кийин контроль иретинде атылган. Ошол фотосүрөт архивке да алынган. Абдулазиздин жан жигити аскер башчыны таштап кетмек белек деп, кайра киргенде, ок тийип каза болгон жана ошол жерге көмүлгөн.

-Ислам жоочуларынын 1999-жылкы жоготуулары жөнүндө так маалымат жок?

— Согуштун биринчи жылында 5 адам каза болгон, бирөө Зардалыда, төртөө Сыртта көмүлгөн, 1 адам качып өткөн, барымтага түшкөндөр болгон эмес.

— Барымтадагылар менен мамиле кандай болгон?

— Мен Кожо-Ашканда штабда болгонумда, генерал Шамкеев жана япон геологдору да ошол жерде болушту. Япондорго өзгөчө мамиле жасап, дарыянын аркы бетине жайгаштырды жана ага тиешелүү гана адамдар барчу, тамак-аш ж.б. тиешелүү нерселер менен толук камсыздап турушту. Генералга да урмат менен мамиле жасашты жана ага намаз окуганды үйрөтүштү. Кийин аларды Тажикстандын аймагына алып кеткенден кийин, мен Жума Намангани менен кошо Кабулга кеттим.

— Ал жакта ким болдуңуз?

— Мен аскер адамы болбогонум менен диний билимим бар эле, диний окуу жайынын мүдүрү да болгом. Алар диний уюм болуп, диний шариятты курабыз дегендиктеринен, аларга дин аалымдары керек болгон. Алар мында аз санда болгону менен Ооганстанга барсак, 10 миңдеген жоокер бар экен. Аларды башкаруу, тарбиялоо жалаң шариаттын канондору боюнча болгондуктан, дин аалымдарынын баарын согуш талаасынан ажыратып, окуу борборлоруна жөнөттү жана лагердеги жоокерлерди окутууну табыштады. Ооган калкынын бир мууну узакка созулган согуштун кесепетинен сабатсыз болуп калган. Анын ичинде аскер офицерлери да бар. Ошондуктан аларды диний сабаттуулукка үйрөтүү милдети коюлган. Сабатсыз адамдар менен иштешүү мындай турсун, алар менен сүйлөшүү да кыйын экен. Ал жерге баргандардын ар биринин делосу болуп, бардык маалыматтар камтылат. Ошентип, дин илими боюнча лагердеги офицерлерди, жоокерлерди окутууга, тарбиялоого туура келди.

— ММК ошол кезде кыргыз тарап сизди алгач төрт япон геологуна, андан соң генералга кошо айырбаштоону сунуштаса, алар көнгөн эмес деп жазып чыгышкан.

— Мен 1999-жылдын августунан 2002-жылдын апрелине чейин өлкөдөн сыртта болдум. Бирок менин үстүмдөн андай соодалашуу болгонун билген да, уккан да эмесмин. Мен Өзбекстан ислам кыймылынын пропаганда бөлүмүн башкарып турдум. Анда 12 компьютердеги маалыматтар бир топ тилдерде дүйнөнүн бир канча мамлекеттерине таратылып, окурмандар менен тыгыз байланыш болуп турган.

— Ооганстандагы салтанаттуу иш-чараларда сиздин жогорку аскердик жетекчиликтин арасында тургандыгыңыз видео тасмага тартылган…

— Мен Жума Наманганинин жардамчысы элем. Ошондуктан, ал кайсыл жерге барса, бирге болууга туура келчү. Аны менен жүрүп, башкаруу ишинин бир топ оордугун да көрдүм. Ооган аскер жетекчилеринин арасында Жума Наманганинин орду да, кадыры да бар эле. Ооганстанда түрк, перс тилдүү калктар көп болгондуктан жана мен ушул тилдерди жана араб тили менен кошо шариаттын жол-жоболорун жакшы билгендигимден, алардын арасында ар кандай иш-чараларга, калк арасындагы түшүндүрүү, тарбиялоо иштерине көп аралаштым.

2001-жылы 7-октябрда башталган согуш тынымсыз сокку менен эки айга менен уланды. НАТО катуу чабуулга өттү, талибдер да каршылык көрсөттү. Азыркы ХХ кылымда технологиянын өнүккөн доорундагы согушту экинчи дүйнөлүк согуш менен таптакыр салыштырып болбойт. Эки тараптын күнү-түнү тынбаган зениттик, артиллериялык атуусун айтууга сөз жетпейт, жүрөк түтпөйт. 20-25 күндө Кундуз провинциясында 80 миңден ашуун адам курман болду. Жума Намангани Талибан бийлигинин түндүк аймагынын аскерий кол башчысы болгон. Ал ушул салгылашууда окко учту. Анткени түндүк провинциялардын геосаясий орду маанилүү болгон. 17-декабрда Кандагар шаарын алышты жана 2002-жаңы жылда Талибан бийлигинин кулагандыгын жарыялап, НАТОнун аскерлери кирди.

— Андан кийинки жолуңуз кандай болду?

— Согушка чейин бизди Ооганстандын чыгышындагы Пакистандын чек арасына жакын Багдия провинциясына жайгаштырган эле. Эки өлкөнүн чек арасын бийик тоо бөлүп турат. Талибан бийлиги кулагандан кийин, биз ошол тоону ашып, токой аралап Пакистанга өтүп кеттик. Пакистанга бизден кийин да бир канча адамдар барды, ал аймакты оогандар Вазирстан, ал эми жергиликтүүлөр Сархад деп аташат. Андагы ар бир айылда ар түрдүү уруулар жашап, бири-биринин тилин түшүнүшпөйт, ошондуктан бир эле кырды ашып, башка айылга барсаң, башка мамлекетке баргандай болосуң. Бир айылга барып: «Силер ким болосуңар?» — десек, «Биз түбү Бухарадан болобуз, биздин бабалар Бабурга жоокер болуп жүрүп, ушул токойдо калып калган экен», — дешти.

Бизге оогандар «мавлавий» деген макамды күбөлөндүргөн кагаз жазып берген болчу. Бул макамдагы инсандарды Ооганстандын, Пакистандын калкы өтө урматташат. Бул макамга жетүү үчүн жок дегенде 15-20 жыл молдолук кылуу керек экен.  Биздин ушул макамыбызды күбөлөндүргөн документтин пайдасы көп болду. Пакистанда эки-үч ай туруп, Кыргызстандын элчилигин сураштырсам, элчилик жок экен. Карачи шаарында кыргыз консулдугу бар дешти, бирок ошол кезде консул жок экен. Кыргызстандын элчилиги Иранда бар дегенин угуп, андан соң Иранга өттүм. Тегеранга чейин бир жарым миң километр, биздеги СССРдин мезгилиндей автобустар график боюнча каттайт экен. Автобус менен Тегеранга эки суткада жеттим, жол кире арзан. Бирок, ал өлкөдө террористтерге каршы аракет күчтүү болгондуктан, этият болууга туура келди, анткени менин «мавлавий» күбөлүгүмдөн башка документим жок болчу. Эс алгандан кийин сураштырсам, кыргыз элчилигин билген  жан болбоду. Борбордо 12 млн калк жашайт. Акырында жергиликтүү таксист шаардын бир бурчунда кадыресе менчик үйгө жайгашкан кыргыз элчилигине жеткирди. Анда ыраматылык Медет Садыркулов элчи экен. Элчиликке мен өз баянымды айтып, Кыргызстанга кетүүгө жардам берүүнү өтүндүм. Бирок анда да 40 күн күтүүгө туура келди.

Бир күнү элчиликке келсем, бир топ аскер кызматкерлери тобу менен туруптур, алар элчиликтеги күзөттү алмаштырганы келип, арасында жетекчиси да бар экен. Мен мындай учурларда четтеп кетчүмүн, бирок, бул ирет жетекчисине жолугуп, документим жоктугун айтып, шаарда беймарал жүрө албай жаткандыгымды айтып, жардам берүүсүн өтүндүм. Кудай жалгап күзөт кызматынын жетекчиси түрк улутунан экен. Мага ошол жерде күбөлүк кат жазып берип, муну менен шаардын аймагында ээн-эркин жүрө береримди айтты. Шаарга, дүкөнгө беймарал каттап калдым. Акчам аз болгондуктан, дүкөндөн эң негизги гана азык-түлүктү сатып алам, бир күнү дүкөндө бирөө сурап калды: «Мусапырсызбы?» — деп, «Ооба», — деп жооп бердим. Сатуучуну чакырып, иран колбасасы баш болгон бир канча азык-түлүктөрдүн тизмесин айтып, күн сайын мага берип турууну буйруду. Мен акчасын төлөй албастыгымды айтсам, сиз үчүн бекер деди. Көрсө дүкөндүн ээси мени байкап жүргөн экен. Ошентип, мусапырчылыкта жардам көрсөткөн инсандарга абдан ыраазы болдум.

«Жакшы кабар болуп калабы?» — деген үмүт менен күн сайын элчиликке келем. Жаз келип күн жылый баштагандыктан, элчиликтин имаратынын айрым жерлерин оңдоп-түзөө, тазалоо жумуштары башталгандыктан, анча-мынча кол кабыш да кылып жүрдүм. Эки-үч күн бир жөнөкөй эле инсан да ошол жерде жүрдү. Бир күн мага кайрылып, колу менен далымды таптап, сүйлөшөлү деп калды. Ал өзүн Россиянын элчилигинин кызматкери деп тааныштырып, менин Россиянын жарандыгын алуумду сунуш кылды жана мен макул болсом, бул маселе тез эле чечилип, менин жолум ачыларын айтты. Мен ушундай оюндун курмандыгына чалынып, оюн минтип тегирменге айланып, анын кесепетинен ушинтип жүрөм деп макул болбодум.

Элчинин Кыргызстанга барарын жана ал жактан менин маселемди чечип келерин айтышты. Элчиге Кыргызстанда менин бир тууган иним жолукканын, жана ага «ыраазычылык» билдиргенин, мен өлкөгө келгенден кийин гана билдим. Айлап күткөн маселем чечилип, элчиликтин справкасы колго тийип, өз өлкөмө кайтуума жол ачылды. Тегерандан Бишкекке авиа каттам жоктугунан, Мешхед шаарына алып келишти, билет алып учакка олтурдук. Мени менен элчиликтин эки кызматкери кошо келди. Бизди Бишкек аэропортунда атайын конокторду тосуп алуучу тараптан сапка тизилген аскерлердин коштоосунда салтанаттуу күтүп алышты. Бирок залга киришим менен колума кишен салып, камакка алынганымды билдирди.

— Сотто кандай айыптар коюлду?

— «Ислам жоочуларын сен алып келгенсиң, сен чакыргансың сен аларга жол көрсөткөнсүң», — дешти. Бирок менин алар менен эч кандай тааныштыгым да, байланышым да жок болгон. Менин Өзбекстанда окуганым шылтоо болгон. Сот 25 жылга эркимден ажыратты, 4-5 жыл абакта олтурдум, бирок, кайра бошотушту. Мен ар кандай абакканаларда олтурдум, ага баргандардын өздүк делосу менен мекеменин башчысы сөзсүз таанышып чыгат, бирок менен деломдун сыртына кызыл сызык белгиси менен атайын гриф коюлгандыктан, аны ачууга эч кимдин укугу болгон эмес жана ошол ачылбаган калыбында архивге кетти окшойт.

— Соттон кийин кыргыз бийлиги тараптан колдоо болдубу?

— Жумушка орношуу үчүн бир канча мекеме-ишканаларга барууга туура келди, резюмемди тапшырып коюп, андан кийин барсам баары эле: «Сиз бизге туура келбейт экенсиз», — деген жооп узатышты. Кийин Кыргыз-Орус Славян университетинде иштеп жүргөн мезгилде (2009-жылы) Ак үйдөн чакыруу кагазы келиптир. Директорго кирсем, бара турган убакытты, Ак үйдүн кире беришинде жоокер күтүп турарын айтты. Айтканындай эле жоокер жигит күтүп алып, 7-кабаттагы Президенттин бөлмөсүнүн каршысындагы кабинетке баштап кирди. Анда генерал чининдеги аскер адамы кабыл алып, чакырган жетекчи мени 1999-жылы Зардалыда ислам жоочуларынын башчысы менен сүйлөшүүгө жөнөткөн инсан экендигин айтты. Бирок азыр көчөдө митинг болуп, ошол жакка кеткенин, Баткен окуясынын 10 жылдыгына карата иш чаралар: китеп чыгаруу, кино тартуу ж.б. баяндап, менин да эскерүүлөрүм керектигин, мени албетте кабыл аларын билдирди. Менин колума Ак үйгө кирүүгө уруксат кагазын берип, келип туруумду өтүндү. Мен учурунда кыйналсам да эмгегимди унутпагандарына бир аз ичим жылыды. Кийин дагы бир ирет бардым, бирок көп узабай эле 2010-жылы апрель окуялары болуп, бийлик алмашып кеткенден кийин, ал маселе унутта калды.

— Кыргыз-Орус Славян университетинде кандай кызмат аткардыңыз?

— Дин тармагы боюнча эксперт болдум, ислам укугу жана светтик укук боюнча лекция окуп, 5 жыл иштедим. Мен лекция окуган студенттердин арасында мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаева ж.б. болгон. Бул мекемеге кокустан эле келип калганым жок. Коопсуздук кызматы менен Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда бир нече ирет териштирүүлөр жүрдү, алар саясий-идеологиялык жоопкерчиликтен чочулашты окшойт. Бирок институттун директору бардык кепилдикти өзүнө алды.

— Ооган аскерлерине жана кыргыз студенттерине билим берүүнүн айырмачылыктары кандай экен?

— Ооганстанда бардык эрежелер жана бардык тармактар диний багытта, ал эми бизде светтик билим берүү системасы. Экинчиден, биздин жарандардын баары сабаттуу, биздин билим берүү системасы бир топ жогору.

— Ооганстан жарандарынын жеке турмушу сизди кызыктырдыбы?

— Албетте, 40-50 жылга созулган согуш ооган калкын бир топ азаптарга кириптер кылган. Согуштун кесепетинен калктын бир мууну таптакыр сабатсыз бойдон калган, чала сабаттуулар да арбын, атайын жана жогорку билимдүүлөр аз. Кышында жылаң аяк жүргөн адамдарды көрдүм, алар жыл бою ушундай жүргөндүктөн, тамандары чор байлап, кардын суугун да сезбей калыптыр. Согуштун запкысы жана кесепеттери көп тийген. СССРдин армиясы менен болгон салгылашуулардын издери сакталып калган. Кээ бир тоолуу аймактарда алардын көбү кырылгандыктан, ал жерлер алиге дейре «көрүстөн» деп аталат. Бирок ошого карабастан, базарларында азык-түлүк арбын жана баасы да жөндүү. Оогандыктар өтө эмгекчил келишет, дээрлик баары жөнөкөй гана кийинип, жасанганды анча жактырышпайт.

Кадыров Абдинаби.

Баткен – 2021.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM