Биз менен байланышыңыз

Финполдун өкүлү мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 2067 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички иликтөө жана коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы «Т.А.Р» аттуу жаран кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, ал мыйзамсыз баюуга шектелүүдө.

Маалыматтарга караганда, Финансы полициясынын ички иликтөө жана коопсуздук боюнча башкармалыгын Айбек Рахманбердиевич Токоев жетектейт.

УКМКнын маалыматы боюнча, Айбек Токоев 2014-жылдан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын органдарында жетекчи кызматтарда иштеп жүргөндө, Ош жана Бишкек шаарларынан 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алып, жакын туугандарынын атына каттаган.

Мындан тышкары Ош шаарында 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна ири суммадагы каражат жумшаган.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Токоевдин кыймылсыз мүлк жана финансылык активдеринин жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат. Бирок бул анын мыйзамдуу кирешесине кирбейт.

УКМК аталган жетекчини 18-январда кармады. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында анын бардык мүлктүк жана каржылык активдерин табуу, ошондой эле алардын болжолдуу наркын аныктоого багытталган кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM