Биз менен байланышыңыз

Савай жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчылары кызматтан алынды

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 538 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кара-Суу районунун «Савай» айылынын өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов тергөө иштери аяктаганга чейин кызматынан алынганын кабарлады. Мындай чечим Ош шаардык соту тарабынан 14-январда кабыл алынган.

Ош шаардык сотунун 15-январдагы чечими менен ушул эле тартипте Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев да ишинен бошотулду.

Мектепти курууда чыгымдары ашыкча көрсөткөн деген шек менен Замир Тургунбаев 6-январда, Мунарбек Сайпидинов 11-январда кармалган. Мындан тышкары Сайпидиновду уюшкан кылмышту топту түзүүгө катыштыгы бар деген айып тагылган. Шаардык сот  тарабынан экөө тең 2 айлык мөөнөткө үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралып, бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM