Биз менен байланышыңыз

Студенттердин контрактты кыскартуу талабынан майнап чыккан жок

Билим-маданият | 13 Янв 2021 | 1251 | 0

Интернет түйүндөрүндө акыркы бир жумадан бери окуу акысын 50 %га кыскартууну талап кылган студенттер көбөйдү. Ал тургай алар тиешелүү чаралар көрүлбөсө, митингге чыгышарын жар салышууда.

Мындай талап койгондордун катарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун студенти, журналист адистигинде билим алган Чынгызхан Бечелов да бар. Ал башка студенттер сыяктуу эле дистанттык окуудан толук кандуу билим ала албай жатканын айтат. Өзгөчө экзамен тапшырууда бир канча кыйынчылыктарга туш болгон. Студент бул көйгөйлөргө окуу жай көңүл бурбаганына нааразы экенин айтып, контрактты азайтууну колдойт.

«Мисалы,  биз «AVN» деген платформа аркылуу экзамен тапшырабыз. Экзамен тапшырып жаткан учурда, баракчадан чыгып кетип, же болбосо такыр ачылбай, кыйынчылык жаратат. Бир канча күндөп, порталдын ачылышын күтөбүз. Өкүндүргөнү: Билим берүү жана илим министрлигинин университеттерге шылтап, бизге так жооп бербегени. Анткени бул маселе менен биз көптөн бери кайрылып келе жатабыз». 

Билим берүү жана илим министрлиги окуу акысын азайтууну туура эмес деп эсептейт. Анткени жогорку окуу жайларда сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн кызматкерлерге эмгек акы төлөө керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратованын айтымында, өлкөдө жогорку окуу жайлардагы контракттык негизде окутуунун орточо баасы жылына 28 544 сомду түзөт. Анын 76 пайызы окутуучулардын эмгек акысына бөлүнөт; 22,4 пайызы коммуналдык чыгымдарга жумшалат; 1,4 пайызы материалдык-техникалык базаны чыңдоого бөлүнөт.

«Министрлик изилдөө жүргүзгөндүн негизинде 699 сом гана билим акысын кыскартууга мүмкүн. Бирок бул акча 2,4 %ды гана түзгөнүн жана аз өлчөмдөгү акча экенин баса белгилеп кетмекчибиз. Республиканын бардык студенттеринин 85 %ы келишимдик негизде билим алат. Ошондуктан контракттын өлчөмүн азайтуу — ар бир окуу жайдын бюджетин соккуга учуратат». 

2019-2020-окуу жылында студенттердин суроо-талабы менен контрактты төлөө мөөнөтү узартылган. Мындан улам жогорку окуу жайлардын бюджетине түшө турган каражаттардын  көлөмү 31 %га азайган. Бул бир катар көйгөйлөрдү жаратканын кошумчалады Баймуратова.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев аралыктан окуу киргизилгенден тарта окуу жай тараптан бир канча иш-чара жүргүзүлүп келгенин маалымдап, студенттер окуу жайга келбесе да, окуу процесси үзгүлтүккө учурабаганын жүйө келтирет. Ректор студенттердин ар бир кайрылуусу жоопсуз калбастан, жардам көрсөтүлүп келгенин айтып, окуу акысынын азайтылбай жатканы боюнча пикирин билдирди.

«Биз 600 мугалимди атайын окуудан өткөрдүк. Инфраструктура боюнча жаңы серверлерди, жаңы онлайн платформаларды койдук. Андан башка биздин университет дагы кошумча чыгымдарга учурап жатат. Маселен, дезинфекциялык каражаттарга, коопсуздукту сактоо кызматкерлерине, коммуналдык чыгымдарга, салыктарга акча бөлүнүп жатат». 

Ал эми Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова студенттердин жана ата-энелердин кырдаалын түшүнүп турганын айтып, аларды сабырдуулукка чакырды.

«Бизге күн сайын ата-энелерден, студенттерден билим акысынын суммасын кыскартуу жана төлөө мөөнөтүн узартуу тууралуу кайрылуулар түшүп жатат. Биз да түшүнүп турабыз. Болушунча жардам бергенге аракеттенип жатабыз. Бирок сиздер да түшүнүшүңүздөр керек, биз сапаттуу кадрларды, дарыгерлерди чыгаруу үчүн тиешелүү техникалар менен мугалимдерди камсыздашыбыз керек, бардык шартты түзүүгө милдеттүүбүз. Анткени дистанттык окуу киргизилгенде бардыгы сыяктуу эле, биздин окуу жай да даярдыкта эмес экени байкалды». 

Эскерте кетсек, университеттерде жана кесиптик окуу жайларда билим берүү процесси офлайн режимге февраль айынын башында же ортосунда өтөрү пландалууда. Студенттер окуу жайга жумасына 2-3 жолу эле барып, практикалык жана лабораториялык сабактарга катышат. Ал эми лекциялык сабактар онлайн режимде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM