Биз менен байланышыңыз

Залкар композитор Рыспай Абдыкадыровду эскерүү кечеси болуп өттү

Билим-маданият | 12 Янв 2021 | 2401 | 0

Бүгүн, 12-январда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, таланттуу обончу, композитор, маркум Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдык мааракесине арналган чакан эскерүү кечеси болуп өттү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен уюштурулган иш-чараны министр Нуржигит Кадырбеков ачып берди.

«Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына чоң концерт уюштурмакпыз. Бирок көрүп атасыздар, пандемияга байланыштуу болбой калды. Эгер уюштурсак 10 күн өтсө да, аншлаг болуп, эл батпай калмак. Биз албетте мындан ары көп иш-чараларды уюштурабыз. Бул киши тууралуу айта турган сөздөр көп, бул багытта биз ырааттуу иш алып барабыз деп ишендирип кетем».

Кыргыз музыкасына эбегейсиз салым кошкон Абдыкадыров чыгармачылык жолунда 200дөн ашуун обон жараткан. Эмгегинин басымдуу бөлүгү махабат темасында. Анын обондорунун жаралганына канча жыл өтсө да, актуалдуулугун жоготпой, кыргыз классикасына айланды.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков кыргыздын обон өнөрүндө эки чыгаан болсо, ошонун бири Рыспай Абдыкадыров экенин айтат.

«Рыспай Абдыкадыров — XX кылымдын экинчи жарымында чыккан кыргыздын өнөр майданындагы өчпөс жылдыз десек болот. Ыр чыгаргандар, обон чыгаргандар көп болгон. Бирок биздин өнөр тарыхыбызда өзүнчө феномен болуп калган эки кишини билем: биринчиси — Атай Огонбаев, ал учурунда беш эле обон чыгарды, бешөө тең ушул күнгө чейин ырдалып келатат; экинчиси — Рыспай Абдыкадыров. Бул кишилердин өнөрү — башкалардыкына караганда өзгөчө. Булар залкарлардын тобуна кирет, булардын чыгармалары — эч ким кыйнабаса деле, эч ким зордоп ырдагыла дебесе деле ырдалып кете берген уникалдуу чыгармалар. Биздин, кыргыздын обон өнөрүндө эки чыгаан адам бар болсо, ошонун бири — Рыспай Абдыкадыров».

Эскерүү иш-чарасына залкар обончунун байбичеси Оңол апа да катышты. Ал Абдыкадыров менен бир үйдө бирге өткөргөн жылдарын, анын чыгармачылыгы тууралуу эскерип, казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергендин ырдаганын, баскан-турганын Рыспай Абдыкадыровго окшоштурарын белгиледи.

«Рыспай Абдыкадыров менен 1967-жылы жолуккам. Анда 25 жаштагы солкулдаган жигит болчу. Медсестра элем, мен иштеген ооруканага ооруп жатып калып, ошол жерден таанышып, турмушка чыккам. А кезде таланты ташкындап турган маалы болчу да. Азыр мен ушу Димаш Кудайбергенди карап туруп, ырдаганын, баскан-турганын Рыспайга окшоштурам».

Мааракелик салтанаттын жүрүшүндө белгилүү ырчылар Рыспай Абдыкадыровдун обондорун аткарып беришти.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Обон дүйнөсүнө, музыка дүйнөсүнө өзгөчө из калтырган, кылымдын кайталангыс инсаны катары тарыхта калган композитор көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Анын «Алмашым», «Түгөйүм», «Сагынуу», «Издейм сени», «Алтынчы күнү кечинде», «Ботокөз», «Сагындым туулган жер сени» сыяктуу көптөгөн обондору ушул күндө да ырчы-аткаруучулардын репертуарынан түшпөй келет. Айрым музыка изилдөөчүлөр: «Абдыкадыров — аккордеон менен ырдоону, аккордеонго ылайыкталган обон жаратууну модага айланткан, немистердин музыкалык аспабына кыргыздын керемет обондорун салып, аны улуттук аспап сыяктуу кабылдатууда өзгөчө эмгек сиңирген», — деген баасын берип келишет.

Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Сөөгү Оштогу Сулайман-Тоонун этегине коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM