Биз менен байланышыңыз

Түштүк Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды: Садыр Жапаров эң көп добуш алды

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 1927 | 0

Орусиянын Түштүк Сахалин аймагындагы №9013 шайлоо участкасында добуш берүү аяктап, жыйынтыгы социалдык тармактарга жарыяланды.

Аталган аймак менен Кыргызстандын ортосунда 5 саат айырмачылык бар. Мындан улам Түштүк Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды.

Социалдык тармакта тараган сүрөттөрдөн 459 шайлоочу катышканын көрүүгө болот. Алардын 345и Садыр Жапаровго добуш беришкен. Ошондой эле Адахан Мадумаровго 100 адам, Имамидин Ташовго 4 адам добуш берген.  Калган талапкерлер 2ден кем добуш алган.

Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны — 3 млн 558 миң. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участкасы уюштурулган. Анын 48и чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM