Connect with us

«Балажандын» сүрөт сынагы майып, жетим балдардын кыялын орундатууга өбөлгө түздү

Билим-маданият | 6 Янв 2021 | 1120 | 0

«Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өлкөдөгү жетим жана майып балдар окуган жатак мектептер арасында «Жаңы жыл – жаңы үмүт» аттуу республикалык сүрөт сынагын өткөргөн. Сынакта тандалып алынган мыкты сүрөттөр министрлерге, күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жетекчилерине, Жогорку Кеңештин депутаттарына, элчилерге жаңы жылдык белек иретинде жөнөтүлгөн.

13 жашар сүрөтчүдөн белек алган Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев ага жаңы жылды утурлай гаджет белек кылуу менен саамалыкты баштап берген. Андан соң белек берүү кезегин премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго узаткан. Саамалык ушул күндө да уланып, бир катар бийлик өкүлдөрү, депутаттар, андан тышкары кайрымдуу инсандар сүрөтчү балдарга өз белектерин тартуулашууда.

14 жашар Нуржигит Момунбаев Панфилов районундагы Казыбек Тилебалиев атындагы жатак мектепте окуйт. Анын тарткан сүрөтү президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго тартууланган. Төрага жаш сүрөтчүгө ноутбук белек кылган.

«Чынында күтүүсүз болду, абдан сүйүнүп жатам. Мурун негизи мындай чоң белек алган эмесмин, ноутбук белекке беришти. Ыраазычылык билдирем», — деди Нуржигит Момунбаев.

Нарын облусунун тургуну Гүлкайыр Байшериеванын 9 жаштагы уулу Алмаз Игнатов Бишкек шаарындагы дүлөй балдардын жалпы билим берүү мектеп-интернатында окуйт. Апасынын айтымында, Алмаз жаштайынан сүрөт тартканга кызыгат. Азыр ал кышкы каникулга карата Нарынга, апасынын жанына кеткен. Гүлкайыр Байшериевага жаңы жылдын алдында телефон чалышып, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин атынан Алмазга белек берилерин айтышкан. Алмаздын апасы кышкы каникул бүтөрү менен белекти алабыз деп кубанып турат.

«Негизи уулум сүрөттү жакшы тартат. Бизге чалып айтышты, жогору жактан белек берилет деп. Биз азыр Нарында болгондуктан, каникул бүтсө эле барып алабыз. Баламды да окуусуна жеткирем. Ал да сүйүнүп жатат». 

«Балажан» балдар борборунун жетекчиси Дария Мусина «Жаңы жыл – жаңы үмүт» сынагына катышкан балдар тарткан сүрөттөрүндө болочок кыялдарын чагылдырышканын, мунун негизги максаты бийлик өкүлдөрүн, депутаттарды жана колунда бар инсандарды балдардын кыялдарын орундатууга салым кошууга чакырык жасоо болгонун айтат.

«Сынакка жалпысынан 451 жаш сүрөтчүнүн иши чогултулган. Биз алардын арасынан эң жакшы тартылган 100 сүрөттү тандап, бир катар бийлик өкүлдөрүнө белек катары жибергенбиз. Көп өтпөй эле, чалуулар түшүп баштады. Алар: «Бизге да сүрөт жибериңиздер, эстафетага биз да катышабыз», — дешти. Азыр канча бала белек алганын так айтуу кыйын болуп турат. Анткени жөнөтүлгөн 100 сүрөттөн кийин да, бир топ инсандар балдардын белегин сурап кайрылышып, өз кезегинде, майып же жетим балдарга жакшы белектерин тартуулашты. Абдан сүйүнүп жатабыз». 

Эскерте кетсек, республикалык сүрөт сынагына өлкө боюнча өзгөчө кароого муктаж балдарга билим берген 18 жатак мектептин 451 окуучусу катышкан.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM