Биз менен байланышыңыз

«Шайлоочу үчүн»: Шайлоодо өз калемин колдонсо болобу?

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 6 Янв 2021 | 562 | 0

Президенттик шайлоого карата жарандардын суроолоруна жооп берүү максатында «Жалпы иш» фонду менен бирге «Шайлоочу үчүн» рубрикасын чыгара баштадык. Бул жолку чыгарылышында аталган фонддун шайлоо боюнча эксперти Бакыт Самаков суроолорго жооп берди.

— Президенттик шайлоодо катышуучулардын жалпы көрсөткүчү боюнча чек барбы? Шайлоо өттү деп табылышы үчүн шайлоочулардын канча пайызы катышуусу керек?

— Президенттик шайлоодо катышуучулардын жалпы көрсөткүчү боюнча чек жок. Добуш берүүнүн 1-турунда шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер президенттик кызмат ордуна шайланды деп эсептелет. Эгерде бир да талапкер добуштардын жарымынан көбүн албаса, БШК шайлоочулардын көп добушун алган 2 талапкер боюнча кайра добуш берүүнү дайындайт.

— Кандай бюллетендер жараксыз деп табылат? Добуш берүүчү жайдагы калемсапка көп ишенбейм. Өчүрүп, добушумду өзгөртөт деп кооптоном. Өз калемсабын колдонуу менен добушту жараксыз кылуу мүмкүнбү?

— Биринчиден, жараксыз бюллетень деп, шайлоочунун эркин билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери эсептелинет. Өзүнүн калемсабын колдонууга болот. «Добушуңузду өзгөртөт же өчүрөт» деп кооптонбоңуз. Анткени ошол шайлоо тилкесинде болгон калемсаптын сыясы өчпөйт. Бул боюнча БШК коомдук байкоочулар менен биргеликте эксперимент жүргүзгөн. Белгилегенден кийин от жана ар кандай өчүргүчтөр менен да өчкөн эмес. Ошондуктан кооптонуунун кажети жок. Өзүңүздүн жеке калемсабыңызды колдонууга тыюу салынбайт. Бирок эсептөө урналары автоматтык түрдө эсептейт. Ошол себептен иштебей калышы ыктымал. Сыялар экрандан ар кандай тактарды калтырышы мүмкүн. Шайлоо тилкесиндеги калемсаптарды колдонууну суранабыз.

— Уулумду шайлоо жараяны менен тааныштыруу үчүн добуш берүүгө алып кирсем болобу? Мыйзамдык жактан чектөө жокпу?

— Мыйзам тарабынан чектөө жок. Бирок бизде коронавирус маселеси дагы деле кооптуу. Коронавируска каршы протоколду сактап, өзүңүздү жана балаңызды вирустан коргоо үчүн беткаптарды кийип, дистанция карманып, шайлоо тилкесине барсаңыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM