Биз менен байланышыңыз

Аянты чакан, калкы жыш, баңгизатка чулганган Боготаны өзгөрткөн мэр

Блог , Дүйнө | 4 Янв 2021 | 3846 | 1

Бишкек шаары учурда транспорттук тыгындар менен булганган аба каптаган калаага айланып, тилекке каршы, бул көрүнүш рекорддук чекке жетти. Буга чейин дал ушундай көйгөй менен жабыркаган Колумбиянын борбору Богота шаары калаа мэринин иш билгилиги аркасында бул көйгөйдөн арылган. Аянты чакан, калкы жыш, баңгизатка чулганган шаарды кандай ыкма менен өзгөртө алды? Бул тууралуу төмөнкү материалдан окусаңыз болот.

Энрике Пеньялоса: «Өнүккөн өлкө — кедей жашагандын да унаасы болгон жер эмес, тескерисинче, байлар да коомдук транспортко түшкөн жер».

«Веложолдор — демократиянын күзгүсү. Тагыраак айтканда, 30 миң долларлык унаа айдаган жаран менен 30 долларлык велосипед айдаган жаранга бирдей көңүл бургуң келсе, анда ага веложол салып берүү керек».

Колумбиянын борбору Боготанын 2 жолу мэри болгон Энрике Пеньялоса 3 жыл ичинде шаарды калк үчүн эң ыңгайлуу жайга айланта алды.

Богота шаарынын мэри Пеньялоса инвестицияны унаа жолуна салуудан баш тартты. Анын ордуна калаа мэри тротуарларды, велосипед жолдорун, парк жана эс алуучу жайларды, бала бакча, мектеп жана китепканаларды курду. Муну менен Боготадагы унаа тыгынын 40 пайызга кыскарткан дүйнөдөгү эң мыкты делген коомдук транспорт системасы түзүлдү.

 

Богота шаары тууралуу учкай маалымат 

Колумбиянын борбору Богота тоо боорунда жайгашкан. Борбордон тоого жетүү үчүн 300 метр эле жол басасыз. Боготада 8 миллион калк жашайт жана дагы 2 миллион жаран шаар сыртындагы конуштарды турактайт. Аянты: 420 чарчы километр.

Бул — дүйнө боюнча калк өтө жыш жайгашкан чакан шаар. Тактап айтканда, 220 шаардыкка бир чарчы метр аянт туура келет.

Калктын кирешеси жылына орто эсеп менен 10 миң долларды түзөт. Боготада жакырлар көп, аны менен катар бай жашаган шаардыктар да жок эмес. Шаардын айланасында жакырлар жашаган райондор да арбын.

Боготанын борборунда президенттик үй менен мэриядан 2 квартал аралыкта толугу менен наркомафия каптап алган район бар болчу. Ага 50 жылдан ашык убакыттан бери эч ким кол тийгизе алган эмес. Президент менен улуттук башкарма бул маселени чечүүгө аракет да кылган эмес. Себеби алар ал районду көзөмөлгө алуу аракетин кылса, көптөгөн адам каза болуп, аз өтпөй эле эски криминалдык топ ээлеп алат деп коркуп келишкен.

Мэрия ал райондогу баңгизаттардан көз каранды болгон балдарды реабилитациялоо үчүн улуттук башкарма менен тирешип, полиция менен аскерлерди эле колдонбостон, коомдук операция аркылуу иш алып барууга туура келген. Долбоордун жүрүшүндө администрация көптөгөн айлар бою наркомафия менен саясий оппоненттердин кысымында болгон. Мэрдин командасы райондогу 800дөн ашык үйдү сүрдүргөн. Анын ордуна чоң парк, спорт аянтчасы, арт-квартал пайда болуп, турак-жай курулган.

Чоң команданы кантип башкаруу керек? Боготанын мэринен кеңеш:

Энрике Пеньялоса Колумбиянын борбору жана дүйнө боюнча калк жыш жайгашкан Боготага 2 ирет мэр болуп шайланган. Энрике башкарган маалда шаардык мэриянын наркомафия жана жакырдык менен күрөшүү ыкмасы өз жемишин берген.

Энрике Пеньялоса шаар башкаруучуларын даярдаган бизнес-мектепте сөз сүйлөп, ийгилик сыры менен бөлүшүп, кеңешин берген:

«Шаар кедей болгонуна карабай, менин жылдык бюджетим 8 миллиард долларды түзөт, ошондуктан менин кол астымда көптөгөн адамдар иштейт».

Иштен кетире албай турган адамды дайындаба. Жетекчинин кызын же уулун кызматка дайындаба. Президенттин жакын досун жумушка алба. Аларды башкаруу кыйынга турат. Анын ордуна «вертикалдуу» эмес, «горизонталдуу» команда түзгүлө. Биздин топто мени менен түзмө-түз байланыша ала турган 400 адам бар.

Эл көйгөйүн айта ала турган уюм түзүү маанилүү. Силерге көйгөйү менен келип жаткан адамды урушпаңыз. Мэр команданын баарына түшүнүктүү боло тургандай кылып, долбоор түзөт жана башкы максаты аны кызматкерлерге жеткирүү болуп саналат. Биз 400 адам келип, ар ким өз оюн айта алгандай кылып жыйындарды уюштурабыз.

Окшош жолугушууларга убакыт коротпоңуз. Ойду, көңүлдү оор жана жаңы долбоорго бөлүү керек. Калган жараян силерсиз деле ишке аша берет. Иштер жайында экенин, катары менен орундалып жатканын угуп отуруу үчүн жолугушуу уюштуруунун кереги жок.

Өзүңүздү ассистент катары элестетиңиз. Ар бир маанилүү долбоорду 24 саат бою ойлонгон прожект-менеджер болушу кажет. Мэр ошол адамдарды колдоп, маселе жаралганда чечип бергидей болушу керек.

Энрике Пеньялоса Вашингтондо туулуп, Колумбиядагы мектепте окуган, университетти АКШда бүтүрүп, докторлук даражасын Парижде жактаган. Пеньялоса Боготага 1998-2001-жылдары жана 2015-2019-жылдар аралыгында 2 ирет мэр болгон. Пеньялосанын учурунда Богота өтө тездик менен өнүккөн. Шаардын аброю анын башкаруу мезгилинде 2 эсе өскөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Нурсултан

    06.01.2021 00:30

    Биздин өлкөдөгү мерлерге сабак

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM