Биз менен байланышыңыз

Алдыдагы 10 жылда кандай өзгөрүүлөр күтүлөт? Цукербергдин 4 божомолу

Блог | 4 Янв 2021 | 2899 | 0

Өткөн жыл дүйнө үчүн оор болду. Бирок ошого карабай, Facebook компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү Марк Цукерберг келечек тууралуу кыска мөөнөттүү демилгелерге байланып калбай, алдыдагы он жылдын божомолдору менен бөлүштү. Анын пикиринде, келечекте төмөндөгү 4 өзгөрүү болору күтүлүүдө.

1.  Жаштардын «доору» келе жатат

Алдыдагы он жылдыкта жаш муундун дүйнөдөгү таасири артат. «Facebook компаниясынын долбоору «Ү» (1981-жылдан 1996-жылга чейинки төрөлгөндөр) мууну үчүн багытталып, алардын көйгөйүн аныктоону көздөйт. Бирок ал долбоорлор толук ишке кире элек. Менин оюмча, 2030-жылга барып, саясатка аралашкан жаштардын саны көбөйөт жана алар климат, саламаттыкты сактоо, билим берүүгө көбүрөөк көңүл бурарына ишенем», — деп жазган Цукерберг.

Марк өзүнүн кайрымдуулук фонду аркылуу жаш ишкерлерге, окумуштууларга жана лидерлерге жардам берүүнү көздөйт. Ошондой эле аларды индивидуалдуу түрдө окутуу керек деп эсептейт.

Мындан сырткары чакан бизнести өнүктүрүүгө көңүл буруп, алдыдагы он жылдыкта ири компаниялар гана колдоно алган коммерциялык төлөмдөрдү чакан бизнес үчүн да жеткиликтүү кылууну максат кылган. Учурда анын бул платформасынан 140 миллионго чукулун чакан бизнес пайдаланууда.

Цукербергдин айтымында, адамдардын Инстаграм аркылуу каалаган товарын сатып, кардарларын Messenger аркылуу тейлеп, ал эми башка өлкөгө WhatsApp аркылуу эле акча которуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. «Бул — дүйнөгө өтө чоң өзгөрүүлөрдү алып келет», — дейт Марк.

2. Интернет дүйнөнү куткарат

Интернет адамдарга дүйнөнүн кайсы бурчунда болсо да, байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, көз карандысыздыкты камсыздады. Учурда Facebook алдыдагы беш жыл ичинде дүйнөдөгү бардык адамдын интернетке жетүүсү үчүн ири долбоорду ишке ашырганы турат.

«Интернет 160 млн адамды ачкачылыктан, 140 млн адамды жумушсуздуктан куткарат», — деп кошумчалайт Марк Цукерберг.

3. Келечекте аралыктан иштөө дагы да өнүгөт

«Менин божомолум боюнча, алдыдагы 5-10 жылда биздин кызматкерлердин тең жарымы аралыктан иштөөгө өтөт. Бирок биз муну дароо эмес, этап менен ишке ашырабыз», — дейт миллиардер.

Пандемия учурунда Facebook өз кызматкерлеринин арасында сурамжылоо өткөрүп, үйдө отуруп иштөөнүн эффективдүүлүгүн изилдешкен. Анда компаниядагылардын тең жарымы аралыктан иштөө алардын ишинин мазумунуна жана сапатына таасир бербегенин айткан. Ошол эле учурда аралыктан иштөө адамдын коомго аралашуусуна терс таасирин тийгизерин да четке каккан эмес.

Марктын айтымында, көпчүлүк ири компаниялар офисте иштеген кызматкер издеп, аны чоң мегаполистерде жашагандардын арасынан тандашат. Мындай шартта чоң шаарлардан алыста жашаган таланттуулар байкалбай калууда. Ал эми пандемия учурунда көптөгөн компаниялар аралыктан иштөө аркылуу дүйнөнүн ар кайсы бурчунан таланттууларды таба алышты. Мындан улам келечекте адамдын жашаган жери көп мааниге ээ болбой калат жана аралыктан иштөө тартиби сөзсүз өнүгөт.

4. Кошумча реалдуулук теңсиздикти жоёт

Цукерберг белгилегендей, акыркы он жылда технология өнөр жайы өтө ылдам өнүктү. Алдыдагы он жылдыкта да ушундай темп менен өнүгүү болсо, анда адамдардын ыңгайлуулугу үчүн дагы бир катар мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

1990-жылдардын башында персоналдык компьютерлер негизги технологиялык платформа болсо, 2000-жылдары бүткүл дүйнөлүк интернет желе өнүктү. Ал эми 2010-жылдары смартфондор алдыга чыкты. Демек ар бир платформа жыл өткөн сайын жеткиликтүү болуп, реалдуу жашоого бат аралашууда.

Facebook негиздөөчүсү 2020-жылдары да смартфондор негизги гаджет болорун, бирок алар кошумча реалдуулуктар менен кошо өнүгөрүн айтат. Албетте азыр бул жаатта жасалып жаткан иштер реалдуу эместей сезилгени менен алдыдагы он жылдыкта алардын арзан жана жөнөкөйлөштүрүлгөн чечимдери сөзсүз табылат.

«Бул нерселер адамдарды виртуалдык дүйнөдө реалдуу жашоодон айырмасы көп болбогондой эффект берет деп ишенем. Мындан улам, келечекте жашоо арзан болгон жерде жашап, бирок виртуалдык дүйнө аркылуу каалаган жерде окуп, иштеп калабыз. Бул адамдар арасындагы теңсиздикти жоет деп ишенем», — деп оюн жыйынтыктаган Цукерберг.

2021-жылы кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр күтөт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM