Биз менен байланышыңыз

ДССУ чукул кырдаалда Pfizer вакцинасын колдонууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Янв 2021 | 586 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Pfizer-BioNTech вакцинасын зарыл учурда колдонууга уруксат берди. Ошондой эле бул дары талап кылынган шарттарга жооп берет, коопсуз жана натыйжалуу деп билдирди.

Уюмдун мындай уруксаты коронавируска каршы чыккан вакциналардын ичинен алгачкы ирет дал ушул Pfizer-BioNTech вакцинасына берилүүдө. ДССУ маалымдагандай, ар кандай өлкө өзүнүн ички мамлекеттик талаптарына ылайык бул вакцинаны жактыруу жана чет жактан ташып келүү иш-аракетин тездете алат. Ошондой эле бул чечим ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдарга дал ушул вакцинаны дүйнөнүн ар кыл аймактарында таркатууга мүмкүндүк берет.

Учурда Еропа мамлекеттери, АКШ, Британия, Канада, Израил жана дагы бир топ мамлекет коронавируска каршы калкты жапырт эмдөөдө «Pfizer-BioNTech» вакцинасы колдонууда.

Дүйнө боюнча пандемия башталгандан бери расмий эсеп менен алганда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 83 миллиондон ашты, анын 1,8 миллиону каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM