Биз менен байланышыңыз

Электрондук түрдөгү салык отчеттуулугун милдеттүү тапшыруу мөөнөтү 1-апрелге чейин узартылды

Кыска кабар | 1 Янв 2021 | 448 | 0

Электрондук документ түрүндөгү салык отчеттуулугун милдеттүү тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Тактап айтканда, уюмдар үчүн квалификациялык электрондук кол тамгасы бар электрондук документ түрүндөгү салыктык отчет берүү мөөнөтү 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.

2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

Буга катар жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү жеке ишкерлер тарабынан 2021-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM