Биз менен байланышыңыз

Чет мамлекеттердин президенттери Мамытовду жана Кыргызстан элин куттуктоодо

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 1043 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

«Орус-кыргыз союздаштык мамилелери жана стратегиялык өнөктөштүгү жогорку деңгээлде. Биздин өлкөлөр Евразия интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү кызматташууда, аймактык жана эл аралык коопсуздукка болгон коркунучтар, анын ичинде пандемия менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирип жатат. Келе жаткан жылда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык биздин элдин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытовго жана кыргыз элине башка да мамлекеттердин башчыларынан жаңы жылга карата куттуктоо келип жатат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Египеттин президенти Абдель Фаттах Аль Сиси, Румыниянын президенти Клаус Вернер Йоханнис, Польшанын президенти Анжей Дуда, Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башкы катчысы Станислав Зась, Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Владимир Норов, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевден куттуктоо келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM