Биз менен байланышыңыз

Тамак-аштан ууланып калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?

Жыл сайын 31-декабрь күнү дасторкон дүр-дүйүм даамга толот. Анын баарын сиңирип кетүү адам организмине өтө оорчулук жаратат. Байкап көрсөк, жаңы жыл майрамынан кийин тамак-аштан ууланып ооруканага түшкөндөр көп катталат. Баш айлануу, кусуу, ич өтүү — бул симптомдордун бардыгы жогоруда айтылган көрүнүштүн кесепетинен келип чыгат.

Тамак-аштан уулануунун алдын алуу максатында Бишкек шаардык санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш гигиенасы боюнча адиси Үмүт Сатыбалдиеванын берген кеңешин сунуштайбыз:

  1. Жаны жылдык дасторкон жаюуда кожойкелер кандай катачылыктарды кетирет?

Кожейкелер жаңы жылдык дасторкон жаюуда бир катар катачылыктарды кетирет. Өзгөчө тамак-ашты даярдоого керектүү азыктарды алууда кылдат кароо керек. Ошондой эле тамак-ашты даярдоонун технологиясына көңүл бурбоо, чала бышкан азыкты колдонуу жана өзгөчө жеке гигиенаны (кол гигиенасын) сактабоо катачылык болуп эсептелет.

  1. Азык-түлүк тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл?

Ар бир азыкты алып жатканда анын маркирлөөсүнө көнүл буруу керек. Эгерде эт алып жаткан болсоңуздар, анда эринбестен текшерип чыгыңыздар. Эттин сапатын билүү үчүн кашык менен басып көрүңүз: эгерде ал кайра калыбына келсе жакшы; кокус калыбына келбей, чуңкурча пайда болсо, анда жаңы союлган малдын эти болбошу мүмкүн. Ошондой эле кремдүү кондитердик азыктарды жана суусундуктарды алууда өңүнө көңүл буруу керек. Өзгөчө кремдүү таттуу кондитер азыктарын дыкат кароо зарыл. Жалпы жолунан ар бир азыкты алууда кылдат карап, бардыгына көңүл буруңуз. 

  1. Эгер адам ууланып калса, канча убакытта байкалат жана анын кесепеттери кандай?

Тамак-аштан ууланганда 1-2 сааттан кийин эле алгачкы симптомдору байкала баштайт. Жүрөгү айланып, алы кетип, калтырап, баш оору пайда болот. Кээ бир адамдын дене табы көтөрүлөт. Тамак-аштан ууланууга ботулизм жана стафилококк микробу менен уулануу кирет. Анткени стафилококк тамак-ашка түшкөндө, өзүлөрүнөн уу (токсин) бөлүп чыгарат. Адам организмине кирген микробдордон канчалык көп уу (токсин) бөлүнүп чыкса, ошончолук тамак-аштан уулануу оор өтөт. Стафилококктон тамак-аш аркылуу уулануу көпчүлүк учурда булганган кондитер (кремдүү) азыктарды, таттуу быштактарды жана башкаларды жегенден кийин болот.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM