Биз менен байланышыңыз

Спорт-2020: Өкүттүн да, ийгиликтин да жылы болду

Блог , Күн чекит , Спорт | 31 Дек 2020 | 31554 | 0

2020-жылдагы пандемия спорт тармагынын да пландарын бузду. Эгер бул илдет келбегенде узап бара жаткан жылда Токиодо олимпиадасы жана паралимпиада өтмөк. Дүйнөнүн кызыгуусун арттырган Чемпиондор лигасы жана башка салмактуу оюндар стадиондо жыкжыйма элдин сүрөөнү менен коштолмок. Кошуна Кытай да Азия оюндарын өткөрүүгө камынып, бирок ал да болбой калды. Айтор, 2020-жылда спорт тармагы да кыйла чектелди десек болот. Жыл ичинде кандай спорттук окуялар болгонун сиздерге кеңири баяндап беребиз.

«Токио-2020» олимпиадасы быйыл жай мезгилинде өтмөк. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ал келерки жылга жылдырылды. 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин олимпиаданы, ал эми 24-августтан 5-сентябрга чейин Паралимпиада оюндарын өткөрө турган болду. Муну менен тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын мөөнөтү өзгөрдү.

Спорттун падышасы болгон футбол боюнча ири мелдештердин бири — Европа Чемпионаты коронавирустун айынан 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылды, ошондой эле Чемпиондор лигасы жана Англия, Италия, Испания лигалары токтоп, азыркы тапта көрүүчүлөрсүз оюндарын улантууда.

Алгачкы жолу футбол оюнуна Лондондун «Арсенал» менен Венанын «Рапид» клубдарынын Европа лигасындагы беттешине эки миңдей күйөрман киргизилди. Улуу Британияда фанаттардын футболдук беттештерди стадиондон көргөн учуру март айынан бери биринчи ирет болуп жатат.

29-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында бокс тарыхында мыкты америкалык мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонс беттешип, экөө тең чыгышты. Эки спортчу тең өздөрүнүн жеңгенин айтышып, тең чыгууга нааразы болушту.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн дагы бир беттеш «UFC-254» мелдешинде Хабиб Нурмагомедов америкалык каршылашы Жастин Гэтжини утуп, жеңишке жеткени болду. Муну менен 32 жаштагы Нурмагомедов 29-ирет октагонго чыгып, 29-жеңишин камсыздады. Беттеш аяктагандан кийин мушкер бул UFC мелдешиндеги акыркы кармашы экенин, мындан ары спорттук карьерасын жыйынтыктаарын жар салды. Ага себеп катары атасы Абдулманап Нурмагомедовдун каза болгонун белгиледи. Мушкердин атасы 3-июлда 57 жаш курагында коронавирус илдетинен каза болгон.

Бул жылы футбол күйөрмандары да чоң жоготууга учурады, 25-ноябрь күнү футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Аргентиналык атактуу спортчу 60 жашта болчу.

Узап бара жаткан жыл Кыргызстандын спорту үчүн жемиштүү болду. Өлкө атлеттери эл аралык таймаштардан тартып, абройлуу дүйнөлүк ири мелдештерде алтын медалдарды алып келишти. Тарыхта алгачкы ирет эгемен Кыргызстандын балбандары Дүйнө Кубогу мелдешинин эң жогорку тепкичине көтөрүлдү.

Быйыл пандемияга байланыштуу 4000ге жакын өлкө ичинде өтүүчү спорттук иш-чара өткөрүлгөн жок. Мындан сырткары 150гө жакын эл аралык мелдеш, анын ичинде: жайкы XXXII Олимпиада, XVI Паралимпиада оюндары, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, эл аралык лицензиялык мелдештер, Азия, Дүйнө чемпионаттары жана башка спорттук иш-чаралар өткөрүлбөй калды, же мөөнөтү жылдырылды.

Ага карабастан, дүйнөнүн мыкты спортчулары катышкан жогорку даражадагы спорттук мелдештердин чемпиону жана байге ээси болууга жетишкен Кыргызстандын спортчуларын айтып беребиз.

Алгач Кыргызстан кыйын учурда үмүт тартуулап турган кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова тууралуу өзүнчө сөз кылса болот. Кыргызстандын кыздар курама командасынын лидери өзү эле 2020-жылы өлкө капчыгына төрт алтын, бир коло байге алып келди.

Айсулуунун жолун улап, күрөшкөн дагы бир канча спортчу кыздар Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы жана башкалар алтын, күмүш коло байгелерди утушту.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн быйылкы жыл жаман болгон жок, алгач жакында эле Дүйнө Кубогунда алтын уткан, Азия чемпионатында күмүш медаль тагынган Жоламан Шаршенбеков жана Калы Сулайманов, Руслан Царев жана бир катар балбандар ийгилик жаратканын белгилесек болот.

Эркин күрөштүн балбандары Улукбек Жолдошбеков менен Арсалан Будажапов быйыл Азия чемпиону болушту. Мындан сырткары Бекболот Мырзаназаров жана Исламбек Орозбеков да коло байге алышты.

Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюнуна кыргыз улуттук спортунун жети түрү киргени маалым болду. Алар: көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү.

Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргыз футбол союзу (КФС) болуп өзгөрүп, FIFA менен Азия футбол конфедерациясынын толук укуктуу мүчөсү болду.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов «Кайрат Алматы» командасы менен УЕФАнын Европа лигасы мелдешиндеги дебюттук оюнунда гол киргизди. Муну менен ал кыргыз футболунун тарыхында УЕФА мелдешинде гол киргизген алгачкы оюнчу боло алды.

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндары пандемияга байланыштуу ноябрга жылдырылган. Бул оюндардын алкагында көк бөрү боюнча Президенттин Кубогу жыйынтыкталып, жогорку лигада эзелки атаандаштар «Ынтымак» жана «Достук» командалары баш байгени талашып, таластык команда 9:2 эсебинде утуп, жеңишти өз кармагына ыйгарды.

Көк бөрү боюнча мелдеште Биринчи лигада 12 команданын арасында таймаш жүрүп, Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы чемпион болду. Алар финалда Оштун «Ала-Тоо» командасын утту.

Мындан сырткары ММА спортунда Кыргызстандын мушкерлери октагондо ийгиликтерди жаратып, өлкө желегин желбиретишти.

Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев беделдүү UFC уюму менен келишим түздү. Спортчу АКШга виза маселесинен улам азырынча аталган уюмдун беттештерине чыга элек.

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Яс аралындагы UFC мелдешиндеги беттешин жеңди. Ал англиялык Марк Диакези менен башкы кардда күч сынашты.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жана анын эжеси Антонина Шевченко «UFC-247», «UFC-255» турниринин алкагында бир турнирде чогуу беттеш өткөрүшүп, экөө тең жеңүүчү болду. Муну менен Валентина Шевченко чемпиондук курун төртүнчү ирет ийгиликтүү коргоду.

6-декабрь күнү Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов 58 жаш курагында көз жумду. Маалыматка караганда, буга чейин эки ирет операция жасалып, ооруканада болчу. Советтер Союзунун спорт чебери, Кыргызстандын он жолку чемпиону Бекболотов өлкөнүн бокс боюнча курама командасына 2009-2017-жылдар аралыгында башкы машыктыруучу болгон. Ал өмүрүн толугу менен бокска арнап, көптөгөн Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн, олимпиадалык турнирлердин катышуучуларын даярдаган.

Кыргызстандын сууда сүзүүчүлөрү Өзбекстан Кубогунда алтын жана күмүш медалдарды багындырышты. 27-ноябрь күнү 50 жана 100 метрге сүзүүдө Денис Петрашов мыктылыгын көрсөтүп, алтын медаль алды. Лиза Рогожникова 200 метрге сүзүүдө алдына эч кимди салган жок. Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына лицензия утуп алды. Өзбекстанда II эл аралык Ташкент марафону өтүп, кыргызстандык спортчу жеңүүчү болду.

Коробицкая — Токио Олимпиадасына жолдомо алган алтынчы кыргызстандык спортчу. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов лицензия алган.

«UWW» уюму Дүйнө Кубогу мелдешинин жыйынтыгы менен Айсулуу Тыныбекованы эң мыкты балбан деп атады. Тыныбекованын башкы максаты олимпиададан алтын медаль алуу экенин белгилейт.

2021-жылы Кыргызстандын спортчуларын олимпиадага жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүгүн бере турган Азия Чемпинаты, Дүйнө Чемпионаты жана олимпиада оюндары, ошондой эле Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары күтүп жатат. Биз спортчуларыбыздан чоң ийгиликтерди күтөбүз.

Copyright © 2017 Maral FM