Биз менен байланышыңыз

Шайлоого барбаган адамдын атынан добуш берилип калышы мүмкүнбү? Адистин жообу

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 791 | 0

Президенттик шайлоого карата жарандардын суроолоруна жооп берүү максатында «Жалпы иш» фонду менен бирге «Шайлоочу үчүн» рубрикасын чыгара баштадык. Бул жолку чыгарылышында аталган фонддун шайлоо боюнча эксперти Бакыт Самаков суроолорго жооп берди.

— «Форма №2» жокко чыгарылды. Угарманыбыздын каттоосу Жалал-Абадда, өзү Бишкекте турат. Борбордон добуш берүүгө мүмкүнчүлүк барбы? Ал жаран эмне кылышы керек?

— Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин «Форма №2» жокко чыгарылган. Азыркы убакта ар бир шайлоочу катталган жеринен гана добуш бере алат. Ошондуктан угарман Бишкекке каттоого турушу керек же Жалал-Абаддан шайлоого катыша алат. Ар бир шайлоочу «119» кыска номерине чалып, өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшертип, тактап алса болот. Ошол жерден шайлоо тилкесинин номерин, дарегин да алуу мүмкүнчүлүгү бар.

— Президенттик шайлоонун экинчи туру кандай учурда болот? Ага катышуунун жол-жобосу өзгөрөбү?

— «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 55-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, добуш берүүнүн 1-турунда шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер президенттик кызматтык орунга шайланды деп эсептелет. Ошол эле Конституциялык Мыйзамдын 56-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, эгерде шайлоо бюллетенинде президенттин кызмат ордуна экиден ашык талапкер киргизилсе, алардын бири да кызмат орунга өтүү үчүн белгиленген пайыздагы (катышкан шайлоочунун жарымынан көбүнүн) добушту ала албаса, БШК көп добуш алган талапкерлер боюнча кайра добуш берүүнү, тактап айтканда, экинчи турду дайындайт. Кайра добуш берүүгө алдыңкы орундарды алган 2 гана талапкер катыша алат.

— Шайлоого катышпасам, мен үчүн башка бирөө добуш берип коюшу мүмкүнбү?

— Шайлоого катышпай калсаңыз, мыйзамдын эрежелерине ылайык, сиздин добушуңузду колдонууга эч кимдин укугу жок. Анткени ар бир шайлоочу келген убакта биометрикалык идентификациядан өтөт. Биометрикалык идентификациядан өтүп, атайын чек же кагаз берилмейинче, бюллетень берилбейт. Ар бир жаран өзүнүн добушун өзү гана пайдалана алат.

Эгерде шайлоого тийиштүү тактай турган суроолоруңуз болсо, 0552 68 06 06 номуру аркылуу берсеңиз болот.

Copyright © 2017 Maral FM