Биз менен байланышыңыз

Мыктыбек Арстанбек: Бийлик кландардын официантына айланып калган

Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 929 | 0

Президенттикке талапкер Мыктыбек Арстанбек өлкөдө кандай гана башкаруу системасы орносо да бийлик эл чарбасына иштегенди билбей турганын айтты.

Ал Коомдук каналда өтүп жаткан теледебат учурунда мамлекеттик бийлик — 30 жыл ичинде кызматтарды ээлеп алган, мамлекеттен пайда болгон жыргалчылыктарды өзүнө гана иштетип алган кландардын официантына айланып калганын айтты.

Бүгүн кандай гана система келбесин, президенттик болобу, парламенттик болобу мамлекеттик бийлик баары бир элге жетпейт. Мамлекеттик бийлик 30 жыл ичинде тилекке каршы элге эмес, бийликти тегеректеп алган, мамлекеттен пайда болгон жыргалчылыктарды ээлеп алган, өзүнө гана иштетип алган кландардын официантына айланып калган. Бийлик азыр чабал, мокок, баары бир Бишкектен нары чыга албайт. Эгер прездиенттик бийлик болсо, ага каршы чыга алган күчтөрдү алып келиш керек. Мына аны парламент деп атап койду, бирок чындыгынлда ал парламент эмес. Ал эми президенттин өзүн эле өлкөнү башкартып койсо, ал көөп кетет экен деп ишеним жок. Бүгүн бийлик кандай система келсе да эл чарбасына иштегенди унутуп калды, билбейт. Ошондуктан бул мамлекетти кайра башынан, кирпичинен тургузуп, эл чарбасына иштөөнү тарбияламайынча азыркы система менен иштебейт. Убаданын бири да ишке ашпайт.

Бүгүн дебатка Мыктыбек Арстанбек,  Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов, Элдар Абакировдор чыкты.

Ал эми Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев катышкан жок.

Эртең, 30-декабрда Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаевдердин дебаты болот.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жыдын 10январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышат. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатат. Ал 8-январда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM