Казакстанда 19-декабрда жергиликтүү вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы үчүн үч миң ыктыярчы тартылган.
Мындан тышкары Караганды дары-дармек комплексинде Орусиянын «Спутник V» вакцинасы өндүрүлө баштаган. Казакстанда бул вакцина менен жапырт эмдөө 2021-жылы февралда башталары айтылган.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри буга чейин коронавируска каршы америкалык «Pfizer» вакцинасын да алып келүүгө даяр экенин маалымдаган эле.