Биз менен байланышыңыз

Мэриянын 2004-жылдан бери ишке ашпаган асма жол салуу аракети

Коом , Күн чекит | 29 Дек 2020 | 30857 | 0

Бишкек мэриясы «Бишкек монорельстүү транспорттук тутум» долбоорун ишке киргизүү, тактап айтканда, шаарга асма жол салуу демилгесин кайрадан көтөрүп чыкты. Үчүнчү ирет коомчулукка чыгып жаткан бул долбоордун болжолдуу видео тасмасы да даяр. Шаардагы жол тыгындарын азайтууга, коомдук унаа маселесин чечүүгө багытталган асма жолдо жүрө турган транспорт жүк көтөрүмдүү, бардык шартка ыңгайлуу, айлана-чөйрөгө коопсуз болорун Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди. Долбоор  боюнча, жер үстүнөн өтүүчү транспорттун жалпы узундугу 37 чакырым, анын ичинде 32 станция болот. Эки линия менен 150дөн 180 жүргүнчүгө чейин ташый алат, бийиктиги 5-7 метрди түзүп, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой салынат. Асма жолдун курулушуна ошол аймактарда жайгашкан кайсы бир обьектилер тоскоол болбойт.

«Мындай долбоорлор дүйнөнүн бир катар шаарларында эчак эле ишке кирген. Биз Түштүк Кореянын мисалында жүзөгө ашыруу демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул жердин алды менен өтүүчү метролорду курганга караганда, 10-15 эсе арзан болот. Долбоордогу асма жолдун жалпы узундугу 37 чакырымды түзүп, эки линиялуу болот. Вагонго бир учурда 150-180 жүргүнчү батат. Монорельстин бийиктиги 5-7 метрди түзөт, доолборду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы аркылуу ишке ашырууга болот. Узак мөөнөттүү долбоор болуп калат», — деди Азиз Алымкулов.

Узак убакытта салына турган бул жолго сарптала турган каражатты эске алган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Музуралиев долбоорду ишке ашыруу реалдуу эмес экенин айтат. Себеби 2004-жылы демилгеленген долбоордун болжолдуу суммасы 150-200 миллион сом деп белгиленген.

«Жол салууга мамлекеттен чоң инвестиция талап кылынат, анткени бул — 15-20 жылда гана өзүн актай турган доолбоор. Ошондуктан көпчүлүк макулдук бербейт. Азыркы тапта бул ишке ашпайт. Эгер чындап ишке аша турган болсо, мэрия: «Ушул акча каражаты менен асма жол курган жатабыз», — деген сунуштарды бериши керек болчу да. Биз аларга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы аркылуу газ жана электр менен жүрө турган автобустарды алып келүү сунушун бергенбиз. Ошону эле ишке ашырып алышсынчы». 

Монорельс — темир жол транспорту, тагыраагы, ылдам жүргөн асма транспорт. Бул шаардын инфраструктурасы үчүн өтө маанилүү, архитектуралык маселени гана чечпестен, калааны кооздоп турарын активист Семетей Талас уулу белгилейт.

«Эгер бул ишке ашса, экологиялык жактан да пайдалуу болмок, шаарыбызга да көрк бермек. Маршруткалар алынса, бир топ ыңгайлуу болмок. Себеби түтүндөн, ыштан шаар бир аз болсо да тазалана түшмөк. Түтүнгө каршы Европада митингдер өтүп турат. Ошол жагынан карасак, жакшы идея экен негизи, муну ишке ашыруу жагын кошо карайлы да. «Баягы таштанды полигондой кылып, болбосо «Коопсуз шаар» долбоорундай кылып, жеп-ичип кетишпейби?» деген маселе да». 

 Ал эми Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу багытында иш алып барган «Шаар демилгеси» коомдук фондунун мурдагы өкүлү, шаарды өнүктүрүү боюнча адис Атай Самыйбек борбордогу экологиялык абалды асма жолсуз эле чечсе болот деп эсептейт.

«Эң биринчи биз шаардын жолун жакшылап салып алсак сонун болот эле. «Дарыянын үстүнө салабыз» дегени — экологияга зыян. Анткени шаарга таза абаны дарыялар алып келет. Анан да, кокус сел жүрүп кетсе, аябай чоң чыгымга душар болобуз».

Борборго асма жол салуу демилгеси азырынча идея бойдон гана турат. Ишке ашыруу маселеси боюнча так жооп айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM