Биз менен байланышыңыз

ИИМ Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго карата текшерүү жүргүзөт

Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 365 | 0

Ички иштер министрлиги президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жактоочусу Алексей Мощиндин арызынын негизинде Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековго карата текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Мелис Аспековго байланыштуу ишти Чүй облустук милициясы, ал эми Төрөхан Жунусбеков боюнча ишти Талас облустук милициясы териштирет. Иш ИИМдин Тергөө кызматынын көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Төрөхан Жунусбеков жана Мелис Аспековдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына арызданган жана ИИМге арыз жазган.

Бул арыздын көчүрмөсү социалдык тармактарда тарады. БШК да маалыматты тастыктаган.

Кайрылууда Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун шайлоо штабында иштебей турганы айтылат.

«Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспеков Садыр Жапаровго расмий жана юридикалык жактан да тиешеси жок. Аларды үгүт материалдарын колдонуп, сөз сүйлөөгө эч ким милдеттендирген эмес. Алар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен президенттикке талапкер Садыр Жапаров жөнүндө коомдо терс пикир жаратып, ошону менен шайлоо өнөктүгүнө тоскоол болуп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM