Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: БШК 78 эл аралык байкоочуну каттады

Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 402 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 26-декабрдагы жыйында эл аралык 78 байкоочуну каттады. Алар 2021-жылдын 10-январына белгиленген мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоодо байкоочу болушат.

Байкоочулар:

1 КМШ миссиясы 44
2 Казакстандын элчилиги 1
3 АКШ элчилиги 6
4 Франция элчилиги 2
5 Венгрия элчилиги 1
6 Нидерланды элчилиги 2
7 Финляндия элчилиги 1
8 Түркмөнстан элчилиги 1
9 Улуу Британия элчилиги 7
10 ЕС өкүлчүлүгү 6
11 Демократиялык институттун элчилиги 2
12 ЕККУ 5

Бүгүнкү күнгө карата жалпы 34 өлкөдөн 198 байкоочу каттоодон өттү.

Copyright © 2017 Maral FM