Биз менен байланышыңыз

Алмаз Бейшеналиев жаңы жылдык челлендж баштады

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев жаңы жыл алдында жаш сүрөтчүнү кубантты.

Буга чейин “Балажан” республикалык борбору өлкө боюнча жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттарынын арасында “Жаңы жыл – жаңы үмүт” аттуу долбоордун алкагында сүрөт сынагы болуп өткөн. Анда тандап алынган мыкты сүрөттөр мамлекеттин башындагы жетекчилерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана элчилерге жаңы жылдык куттуктоо катары белек катары жөнөтүлгөн.

Алардын арасынан Алмаз Бейшеналиевге Ош облусундагы атайын жалпы билим берүүчү дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатынын 13 жаштагы тарбиялануучусу Иманбек Жунускановдун тарткан сүрөтүн белекке жиберген. Министр өзүнүн атынан Иманбек Жунускановго белекке гаджет жөнөтүп, ушундай жышаанды премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун улап кетүүсүн өтүндү.

Эстафетанын шарты боюнча балдардан сүрөт белек алган жетекчи авторго жаңы жылдык белек берүүсү керек.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM