Дүйнө боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 80 миллионго чамалады. Бул сандар Жонс Хопкинс университетинин сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.
25-декабрга карата коронавирустун жалпы 191 мамлекетте 79 383 574 учуру катталган. Вирустан каза болгондор 1 742 423кө жетсе, айыккан бейтаптар 54 миллиондон ашат.
Вирус эң көп катталган өлкөлөр:
- АКШ — 18,6 млн;
- Индия — 10,1 млн;
- Бразилия — 7,4 млн.
Ошондой эле коронавирус катталган учур 2 миллиондон ашкан 8 мамлекет аныкталды (АКШ, Индия жана Бразилияны кошкондо):
- Орусия — 2,9 млн;
- Франция — 2,5 млн;
- Улуу Британия — 2,1 млн;
- Түркия — 2,1 млн;
- Италия — 2 млн.