Биз менен байланышыңыз

Жогорку сот Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөрттү

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 407 | 0

Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Маалыматка караганда, Кулматовго коюлган 5 млн сом өлчөмүндөгү айып 4,4 млн сомго кыскартылды.

Ал эми Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүркановго 130 миң сом, Кубат Шаршекеевге 50 миң сом, Сеиткан Алиевге 70 миң сом айып коюлду. Д. Яковлев, Б. Турусбеков жана А. Гүлжигитовго 300 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ал эми мурдагы мэр Албек Ибраимовго карата өкүм күчүндө калтырылды. Ал 15 жылга эркинен ажыратылган.

Албек Ибраимов октябрь окуяларында эркиндикке чыккан, учурда кайда экени белгисиз.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун А. Ибраимов, К. Кулматов, Д. Яковлев, Б. Турусбеков жана А. Гүлжигитовго карата чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган. Алар коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM