Бишкек мэриясынын «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине Урмат Дербишев дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Мэриянын маалыматына караганда, УрматДербишев буга чейин Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында иштеген.
Бишкек мэриясынын «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева өз арызынын негизинде 22-декабрда кызматтан кеткени кабарланган.
Анын милдетин убактылуу аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Айгүл Наватова аткарып жаткан.