25-декабрга карата дагы 180 адам COVID-19 менен катталды. Алар:
- Бишкекте — 67 учур катталды;
- Ош — 1;
- Чүй облусу – 60;
- Ош облусу — 14;
- Талас облусу — 7;
- Нарын облусу — 4;
- Ысык-Көл облусу – 15;
- Жалал-Абад облусу – 4;
- Баткен облусу — 8 учур аныкталды.
Өлкөдө коронавирус диагнозу коюлган адамдардын саны 80 025 болду.
25-декабрга карата дагы 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, 10 кызматкер айыкты. COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4092 учур катталды, анын ичинен 3865 медкызматкер сакайды.
Акыркы суткада COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Март айынан бери бул оорудан 1340 көз жумду.
Бир күндө коронавирустан 307 адам сакайды. Алар:
- Бишкек – 95;
- Ош шаары – 40;
- Чүй облусу – 59;
- Ош облусу – 6;
- Талас облусу – 14;
- Нарын облусу – 11;
- Ысык-Көл облусу – 35;
- Жалал-Абад облусу – 27;
- Баткен облусу – 20 учур катталды.
Кыргызстанда вирустан айыккандардын жалпы саны 74 миң 177 ге жетти.