Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева Борбор Азиянын лидер аялдарынын жыйынына катышты

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 972 | 0

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер аялдары тобунун онлайн форматтагы биринчи жолугушуусуна катышты.

Анда БУУ Башкы катчысынын жардамчысы, Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директору БУУнун Баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман сөз сүйлөдү.

Сурабалдиева Борбор Азиянын лидер аялдарынын актуалдуу маселелерди чечүүдөгү күч-аракетин бириктирүүнү сунуштады.

«Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдүн лидер аялдарынын диалогун түзүү демилгесин колдоого алат. Өзгөчө көңүлдү гендердик өнүгүү, үй-бүлөлүк зомбулук, маалыматтар базасын түзүү, аялдар ишкерлиги маселелерин чечүүгө буруу керек деп эсептейм», — деп белгиледи Сурабалдиева.

Жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдары катышты.

Алар: Казакстандын президентине караштуу Аялдар жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат боюнча улуттук комиссиянын төрайымы Лаззат Рамазанова, Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрайымы Хилолбы Курбонзода, Түркмөнстан Парламентинин (Межлис) төрайымы Гульшат Маммедова, Өзбекстан парламентинин (Олий Мажлис) төрайымы Танзила Нарбаева.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Борбор Азия мамлекеттеринин лидер аялдарынын декларациясына кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM