Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Жогорку Соттун төрайымына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 1793 | 0

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат жыйынында кабарлады.

Ташиевдин маалыматында, Калиева «Жергиликтүү сот» тутумун киргизүү иштери боюнча кылмышка тиешеси бар.

«Документтерди даярдадык. Жакында тартип комиссиясына тапшырабыз. Эгер комиссия макулдугун берсе, биз аны жоопко тартабыз, башкача айтканда, камакка алабыз. Иш аягына чыгарылат», — деди Ташиев.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева бул кызматка 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган.

Камчыбек Ташиев буга чейин да журналисттерге маалымат жыйын өткөргөн. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигине 16-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM