Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министри Баткен мамлекеттик университетине барды

Кыска кабар | 23 Дек 2020 | 543 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен мамлекеттик университетине барды. Ал жерде окуу жайдын жаңы корпусунун курулушу менен таанышып, жаңы спорт залдын ачылышына катышканы кабарланды.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Баткен мамлекеттик университетинин абалы начар экенин айтып чыгышкан. Университеттин Кызыл-Кыядагы филиалынын сүрөттөрү жарыяланган.

Мугалимдердин айтымында, жыл сайын университеттин оңдоп-түзөө иштерине 2 млн сом акча каралат. Бирок ал каражаттын канчасы университетке коротулуп, канчасы сол чөнтөккө түшөрү белгисиз. Ошондой эле окуу жайдын ректоруна болгон нааразылык да күч.

Баткен мамлекеттик университетинин ректору — Абдивап Зулпуев. Ал окуу жайды 2016-жылдан бери жетектеп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM