Биз менен байланышыңыз

2020-жылдын мыкты гаджеттери аталды

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Дек 2020 | 546 | 0

«The Verge» журналы аяктап бараткан жылдын эң мыкты гаджеттерин жарыялады.

Рейтинде Samsung Galaxy S-20 жана S-20+ 2020-жылдын мыкты смартфондору, Samsung Galaxy Z Fold-2 эң мыкты бүктөлгөн смартфон, M-1 чип менен жабдылган MacBook жылдын мыкты компьютери деп табылды.

Булардан тышкары Asus ROG G-14 Zephyrus ноутбугу, GoPro Hero-9 камерасы, DJI Mini-2 дрон, Sony WH-1000 XM-4 гарнитурасы да мыкты аксессуарлардын катарына кирди.

Ноябрдын аягында «Time» журналы 2020-жылдын мыкты телефондордун жана телефон аксессуарларынын аттарын жарыялаган.

Ага ылайык, Insta-360 One R экшн камерасы, Sony a-7 C камерасы, Nuheara I Qbuds-2 MAX зымсыз гарнитурасы жана Microsoft Surface Duo бүктөлмө смартфону «керектөөчү электроника» категориясындагы мыкты буюмдар деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM